Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Майлуу-Суу шаардык кеңешинин Х чакырылышынын
кезекcиз III сессиясынын
2025-жылдын 15-апрели № 3-10-2
«Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын “Ардак грамота жана Алкыш баракчасын ыйгаруу туралуу” жобосун бекитүү жөнүндө»
Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын 20.02.2025-ж. чыг.№ 01-14-88 сандуу кайрылуусундагы “Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын “Ардак грамота жана Алкыш баракчасын ыйгаруу туралуу” жобосу менен таанышып чыгып, шаардык кеңештин социалдык тармак, саламаттыкты сактоо, билим берүү, айлана-чѳйрѳнү коргоо, диний иштери, регламент жана этика боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин талкуулап чыгып, депутаттардын сунуштарын эске алып, Майлуу-Суу шаардык кеңештин Х чакырылышынын кезектеги ІІⅠ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын маалыматы жана депутаттардын сунуштары эске алынсын.
2. Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын “Ардак грамота жана Алкыш баракчасын ыйгаруу туралуу” жобосу тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы Майлуу-Суу шаарынын мэриясына тапшырылсын.
4. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо шаардык кеңештин социалдык тармак, саламаттыкты сактоо, билим берүү, айлана-чѳйрѳнү коргоо, диний иштери, регламент жана этика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Шаардык кеңештин төрагасы: |
Д.Атамырзаев |