АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Александровка айылдык кеңешинин XXIX-чакырылышынын 16-сессиясы
2023-жылдын 19-январы №62
Александровка айыл өкмөтүнө автоматташтырылган
маалыматтык системасы боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктарды
берүү жөнүндө келишимин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” 2013-жылдын 9-июлундагы №127 Мыйзамына ылайык
Александровка айылдык кеңеши токтом кылат :
1. Александровка айыл өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министерлигине караштуу калкты каттоо жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти менен автоматташтырылган маалыматтык системасы боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишими бекитилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Александровка айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Султаналиевке жүктөлсүн.
Төрайым | Давузова М.Ю. |