КАРА–СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН (СЕГИЗИНЧИ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН) КЕЗЕКТЕГИ XIII СЕССИЯСЫ
2023-жылдын 8-февралындагы № 13/5
Кара-Суу шаарындагы үй-бүлөлүк зордук зомбулукту токтотуу боюнча жергиликтүү комитеттеринин 2023-жылга карата иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө
Кара-Суу шаар мэриясынын 2023-жылдын 3-февралындагы №01-20/154 сандуу катын угуп жана талкуулап Кара-Суу шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Суу шаарындагы үй-бүлөлүк зордук зомбулукту токтотуу боюнча жергиликтүү комитеттеринин 2023-жылга карата иш-чаралар планы бекитилсин. (№1 тиркеме).
2. Шаар мэриясы Кара-Суу шаарындагы үй-бүлөлүк зордук зомбулукту токтотуу боюнча жергиликтүү комитеттер менен биргеликте 2023-жылга карата бекитилген иш-чаралар планы аткарууга алынсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңешинин социалдык маданий маселелер, маалымдуулук жаштар жана аялдар саясаты, спорт, илим, билим, саламаттыкты сактоо боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы | А.О.Назаров |
| Кара-Cуу шаардык кеңешинин 2023-жылдын 8-февралындагы XIII сессиясынын №13/5 токтому менен бекитилди |
Кара Суу шаарындагы №1, №2, №3 ҮБЗТКнин 2023-жылга карата
“Үй-бүлөлүк зордук зомбулуктун алдын алуу” боюнча
Иш-чаралар планы
№ | Иш-чаранын аталышы | Аткаруу мөөнөтү | Жооптуулар Аткаруучулар | Күтүлүүчү натыйжалар | Каржылоо булактары Болжолдуу наркы |
1 | Жергиликтүү бюджеттен социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасына кирген үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо курамын кайра бекитүү, жобосун, иш чаралар планын бекитүү , иш чараларды ишке ашыруу боюнча каражат бөлдүрүү | Январь | Комитет мүчөлөрү Шаар мэриясы Жергиликтүү кенеш | Иш-чаралар толугу менен аткарылат, коомчулукка маалыматтар өз убагында жетет, маалымат тактайчалары уюштурулат |
|
2 | Шаар жашоочуларына комитет мүчөлөрүнүн байланыш телефондору боюнча маалымат таратуу | Февраль-март | Комитет мүчөлөрү Кварталдык комитет башчылары Мектеп администрациясы | Шаар жашоочулары комитет жөнүндө, кимге кайрылуу керек экендиги жөнүндө билет, маалымат билишет | Социалдык тармактар аркылуу |
3 | Үй-бүлөлүк зомбулук фактыларын каттоо журналы боюнча анализ, мониторинг жүргүзүү | Ар 6 айда жылдык | Комитет мүчөлөрү Соц.адис | Аткарылган иштер боюнча жыйынтык чыгат Кайрылуулардын саны боюнча стстистика аныкталат | - |
4 | ҮБЗТК мүчөлөрүнүн отурумдарын уюштуруу жана аткарылып жаткан иштерди талкулоо | Жыл ичи фактылар боюнча | Комитет мүчөлөрү, тийиштүү адистер | Өз убагында маселелр каралат,багытталат чечилет, аткарууга алынат |
|
5 | Окуу, семинар, тегерек столдор, конференция, тренингтерге катышуу | Жыл ичинде | Комитет мүчөлөрү
| Комитет мүчөлөрүнүн билимин ашыруу, коомчулук менен иш алып баруу ыкмаларын үйрөтүү, мыйзамдар менен иштөөнү үйрөтүү | Эл аралык уюмдар, (ОФ ДИА, Форум женских НПО, ПРООН, ЮСАИД,Саефэрворлд, ФМТж.б.) Мамлекеттик органдар, |
6 | КПНСнин иш чараларына полиграфия кызматтарына (баракчалар, баннерлер) | Жыл ичинде | №1,№2,№3 Комитеттер | Калкты маалыматтар менен камсыздайт | 40 000 сом |
6 | “Менин апам - Менин кызым” 8-март аялдардын Эл аралык күнүнө карата конкурс | Март-апрель | №1-2-3 Комитеттер Соц.адис, | Шаардагы 6 мектептин 9-классынын кыздары маалымат алышат, лидерликке умтулушат |
15000 сом |
7 | “Тилектештик автобусу” күнүн уюштуруу (юридикалык кенештер) | Март | №1,№2,№3 Комитеттер | Адамдар укуктук кенештерди бекер алышат, укуктук билими ашат, жекек көйгөйлөрүн чечкенге умтулат | “Тендик Нуру” проекти
|
8 | “Таза шаар” акциясын өткөрүү | Май | №1 Комитет Атабаева Д. Активист кыз-келиндер, эркектер | Шаар жашооочулары тазалыкка үгүттөлөт, коомдук жайлар тазаланат, санитардык абал жакшырат, коомчулуктун экологиялык билими жана маданияты жогорулайт | 35000 сом |
9 | Аялдар арсында спорттук иш чара “Аял, Тынчтык, коопсуздук – 1325” | Июнь-Июль | №1,№2,№3,Комитет мүчөлөрү Кварталдык комитет башчылары, мэрия | Аялдар арасындагы тилектештик, биримдик |
15 000 сом |
10 | Үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган кыз-келиндерге психологдун кеңешин уюштуруу | Июнь | Комитет мүчөлөрү соцадис | Аярлуу катмардагы кыз-келиндер кенеш алышат, коомдогу ордун тапканды үйрөнүшөт, моралдык колдоо алат, жашоого болгон көз карашы өзгөрөт |
20 000 сом |
11 | 18-июнь - Элеттик аялдар күнү | июнь | Комитет мүчөлөрү соцадис | Шаардагы Ишмер аялдарды “Элеттик аялдар күнүнө” райондук ярмаркага катыштыруу, жана алар өз продукциялады менен таанылат. | 20 000 сом |
12 | “Ата-үй-бүлө тиреги”- коомдук жайларда жана мечиттерде эрте никеге каршы жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча эркектер арсында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү | Квартал сайын
| Комитет мүчөлөрү, мэрия, шаар мечиттеринин имамдары | Эркектер арасында алдын алуу иштери аткарылат, үй-бүлө институту бекемделет, баалуулуктары сакталат, үй-бүлөө мүчөлөрүнө карата жоопкерчилиги артат |
- |
13 | Мектептердеги жалпы ата-энелер чогулуштарына катышуу жана ҮБЗТКнин ишмердүлүгү жөнүндө маалымат берүү | сентябрь | Комитет мүчөлөрү | Чогулушка катышкан ата-энелер комитет жөнүндө маалымат алат, кыздарга карата маамилеси өзгөрөт |
- |
14 | 11-октябрь “КЫЗДАР күнүнө” карата “Менин келечектеги максаттарым” темасында өспүрүм кыздар арасында анкета –сурамжылоо өткөрүү (9 класстар) | октябрь | №3 комитет мүчөлөрү, мектеп администрациясы | Өспүрүм кыздардын максаттары, калоолору, аныкталат, багытталат Кыздар өз ойлорун эркин айтканды үйрөнүшөт |
Канцелярия буюмдары ( А4 кагаз,ручка) Компьтердик кызмат 5000 сом
|
15 | “ЗОМБУЛУККА КАРШЫ 16 КҮН” кампаниясын өткөрүү: а) массалык флешмоб уюштуруу (окучулар катышуусунда)
б) “БИЗ ТЕРРОРИЗМГЕ КАРШЫБЫЗ” жөө жүрүш уюштуруу
в) “БИЗ АР ТҮРДҮҮБҮЗ, БИРОК БИРГЕБИЗ” темасында мектеп окуучулары арасында чыгармачылык иштердин көргөзмөсүн уюштуруу, актив катышуучуларды сыйлоо |
25-ноябрь 10 декабрь | Мэрия Комитет мүчөлөрү ИДН, РОВД Райадминистрация Мектеп администрациясы РайОНО | а)Комчулукка балдар зомбулукка каршы максаттарын жеткирет, жакшы жашоого чакырат, жаштар маданий иш чараларга катышууга кызыгуусу артат, этика-эстетикалык тарбия алышат
б) Жөө жүрүш катышуучулура шаар жашоочуларына терроризмге каршы оюн жеткирет, коомчулуктун арасында достук, биримдүүлүк бекемделет
в) балдардын чыгармачылык таланттары ачылат, зомбулуксуз жашоого мотивация беришет, катышуучулардын иши бааланат
| Типографиялык кызматтар (баннерлер) Футболка, кепкалар Кофе-брейк, ММК аркылуу жайылтуу Белектер
150 000сом |
|
|
|
|
| 300 000 |
Кара-Суу шаардык кеңешинин жооптуу катчысы | А.К.Кебекбаева |