Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2025-жылдын 11-сентябрындагы № 05/2-17/226 буйругуна тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын алдындагы “Кыргызмамасылтукумзавуду” мамлекеттик ишканасынын УСТАВЫ
1. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын алдындагы “Кыргызмамасылтукумзаводу” мамлекеттик ишканасы (мындан ары – Ишкана) Мамлекеттик мүлктү чарба жүргүзүү укугуна негизделген мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында иштеген өз алдынча юридикалык жак болуп эсептелет.
2. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жетекчилилигине алат, Кыргыз Республикасы тарапта болуп саналат, ошондой эле ошондой эле Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин (мындан ары – Министрлик), Министрлике караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын актылары жана ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. Ишкананын уюштуруу документи Устав болуп саналат. Ишкананын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети эсептелет.
4. Ишкананын мамлекеттик башкаруучу органы болуп Министрлике караштуу Ветеринария мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы (мындан ары – Кызмат) саналат, ал тейлеген тармактык маселелер боюнча Ишкананын ишине жалпы жетекчиликти, координациялоону жана стратегиялык пландаштырууну ишке ашырат.
5. Ишкананын өзүнүн фирмалык аталышы болот:
− мамлекеттик тилде: “Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын алдындагы “Кыргызмамасылтукумзаводу” мамлекеттик ишканасы”;
−расмий тилде: «Кыргызгосплемзавод» при Службе ветеринарии, развития животноводства, пастбищ и кормов при Министерстве водных ресурсов, сельского хозяйства и перерабатывающей промышленности Кыргызской Республики».
Кыскартылган аталышы:
– мамлекттик тилде: “Кыргызмамасылтукумзаводу” МИ;
– расмий тилде: ГП «Кыргызгосплемзавод».
6. Ишкананын мүлкү жана кирешеси мамлекеттик менчик болуп саналат. Ишкана толук чарбалык эсеп жана өзүн-өзү каржылоо принциптеринде иштейт, чарбалык келишимдерди түзүүгө, бүтүмдөрдү түзүүгө, мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарга ээ болууга жана мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган милдеттерди аткарууга, сот органдарында доогер жана жоопкер катары чыгууга укуктуу.
7. Ишкана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын банктарында алыш-бериш жана башка эсептерди, анын ичинде валюталык эсептерди ачууга укуктуу.
8. Ишкананын мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары жана башка атрибуттары болот.
9. Ишкана Ишкананын милдеттенмелери боюнча (кепилдикти) өзүнө алган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
10. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Ишкананын пайдасынын бир бөлүгүн алууга укуктуу.
11. Өкүлчүлүктөрдү жана филиалдарды түзүү жана жоюу Ишкананын мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашуу боюнча Ишкана тарабынан ишке ашырылат.
12. Ишкананын өкүлчүлүктөрү жана филиалдары алар бекиткен жоболордун негизинде иштешет.
Ишкана өзүнүн филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн иши үчүн толугу менен жооп берет.
Мамлекеттик ишкананын филиалдары жана өкүлчүлүктөрү юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте милдеттүү мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш.
13. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Чүй облусу, Сокулук району, Фрунзе айылы, Разное көчөсү, 5.
2-бөлүм. Ишкананын максаты, милдеттери жана функциялары
14. Ишкананын максаты селекциянын жана асылдандыруу ишинин заманбап методдорунун негизинде жогорку азыктуулуктагы асыл тукум малды жана жаш малды көбөйтүүнү уюштуруу болуп саналат.
15. Ишкананын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) мамлекеттин, юридикалык жана жеке жактардын асыл тукум малды өндүрүүдөгү муктаждыктарын канааттандыруу жана алынган асыл тукум жаш малдарды республиканын фермердик, дыйкан жана башка чарбаларына республиканын мал чарба чарбаларынын негизги үйүрүнүн баштапкы базасын түзүү үчүн сатуу;
2) жаш малды багуунун жана тоюттандыруунун, селекциянын жана асылдандыруу ишинин, багуунун жана даярдоонун заманбап көрсөтмө технологиясын түзүү.
16. Ишкананын негизги функциялары:
1) селекциянын жана асылдандыруу ишинин заманбап методдордун негизинде жогорку азыктуу асыл тукум жаныбарларды жана жаш малды көбөйтүүнү уюштуруу.
2) республиканын фермердик, дыйкан жана башка чарбаларына алардын негизги үйүрүн жакшыртуу үчүн жогорку азыктуу жаш малды берүү;
3) республиканын фермерлерин жана дыйкандарын селекциянын заманбап технологияларына жана асыл тукум ишин жүргүзүүгө, мал багууга жана тоюттандырууга, ошондой эле иштин башка ыкмаларына окутуу;
4) жалпы республикалык маанидеги мамлекеттик программаларды жана социалдык багыттагы долбоорлорду ишке ашыруу;
5) айылдык товар өндүрүүчүлөрдү тейлөө үчүн машина-трактордук станцияларды түзүү;
6) айылдык товар өндүрүүчүлөргө өндүрүштүк иштерди жүргүзүүгө жардам көрсөтүү;
7) акы төлөнүүчү агротехникалык-механикалаштырылган кызмат көрсөтүүлөр;
8) Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, Айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жана Кызмат тарабынан коюлган Ишкананын функцияларына байланыштуу башка милдеттерди аткарат.