Редакцияот 08.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА–СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН (СЕГИЗИНЧИ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН) КЕЗЕКТЕГИ XIII СЕССИЯСЫ

 

2023-жылдын 8-февралындагы № 13/7

 

Кара - Суу шаарынын суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын жакшыртуу долбоорунун алкагында Европа инвестициялык банкы тарабынан төмөн пайызда насыя алуу жөнүндө

Кара-Суу шаар мэриясынын 2023-жылдын 2-февралындагы чыгыш № 01-20/142 сандуу катын угуп жана талкуулап шаардык кеңеш

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. Кара - Суу шаарынын суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын жакшыртуу долбоорунун алкагында Европа инвестициялык банкынан 1 000,0 (бир миллион) евро төмөн пайызда насыя (кредит) алууга макулдук берилсин.

 

2. Насыя алуу үчүн Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги менен Кара-Суу шаардык мэриясынын ортосунда субкредиттик макулдашуу түзүлсүн.

 

3. Бул токтомдун аткарылышы шаар мэриясына, көзөмөлдөө шаардык кеңештин экономика, бюджет, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Кара-Суу шаардык

кеңешинин төрагасы

А.О.Назаров