АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Александровка айылдык кеңешинин XXIX-чакырылышынын 16-сессиясы
2023-жылдын 19-январы №61
Александровка айыл өкмөтүнө трансформатордук подстанция
орнотууга түбөлүк колдонууга жер тилкесин берүү жөнүндө
Александровка айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу, жарандык коргоо жана өзгөчө кырдаал боюнча башкы адиси Д.Ю.Хиязовдун маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 4-беренесинин 3-пунктуна ылайык
Александровка айылдык кеңеши токтом кылат :
1. Александровка айылынын чыгыш жагында Васько атындагы номери жок дарегинде жайгашкан аянты 4,0 кв.метрди түзгөн жер тилкеситрансформатордук подстанция орнотууга Александровка айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине түбөлүк колдонууга берилсин.
2. Александровка айыл өкмөтү ушул жер тилкесине муниципалдык менчик укугун “Кадастр” мамлекеттик ишканасынан каттоодон өткөрсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Александровка айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Султаналиевке жүктөлсүн.
Төрайым | Давузова М.Ю. |