Загрузка документа…
ЧЫМ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 5-августу №15/1-6
Чым-Коргон айыл аймагынын Чым-Коргон айыл өкмөтүнө “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ААК тарабынан лизингге “Шевроле Треккер” маркасындагы кызматтык авто унаа сатып алуу жөнүндө
Чым-Коргон айыл аймагынын Чым-Коргон айыл өкмөтүнө “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ААК тарабынан лизингге “Шевроле Треккер” маркасындагы кызматтык авто унаа сатып алуу жөнүндө талкуулап айылдык кеңеш төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Чым-Коргон айыл аймагынын Чым-Коргон айыл өкмөтүнө “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ААК тарабынан лизингге “Шевроле Треккер” маркасындагы кызматтык авто унаа сатып алынсын.
2.Алынган авто унааны лизингдин бүткүл мезгилине камсыздандыруусу жана лизингге алынган техниканын өз эсебинен башка чыгашалардын акча каражаты каралсын .
3.Кызматтык авто унаанын төлөмдөрү 5 (беш) жыл аралыгында төлөө жагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык айыл өкмөтүнүн бюджетинен төлөнүп берилсин .
4.”Мамлекеттик лизинг компаниясы” ААК менен лизинг келишимине жана келишимден келип чыгуучу башка документтерге кол коюу укугу Чым-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ж.Дубанаевге жүктөлсүн .
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Чым-Коргон айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана Чым-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын .
Төрага |
| А.Тазабеков |