Редакцияот 07.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ИСКРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

Искра айылдык кеңешинин 28-чакырылышынын кезектеги 1-отуруму

 

 

2023-жылдын 7-февралы № 04-т

Искра айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Турмуш айылына ФАП куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө

    

      Төмөндөгү Жаны-Турмуш  айылына ФАП куруу үчүн  жер  тилкесин бөлүп берүү жөнүндөгү  маселени карап жана талкуулап  Искра айылдык кеңеши

                                              

 Токтом кылат:

1.Жаңы-Турмуш айылынын Токмок көчөсүнүн н/ж 840 м2 болгон жер тилкеси   ФАП куруу учун бөлүнүп берилсин.

2.Жаңы-Турмуш айылына ФАП куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүүсү жана  кагаз иштерин толук бүтүрүү жагы  Искра айыл  өкмөтүнүн башкы жерге жайгаштыруу адисинин милдетин аткаруучу  У. Ишеналиевке жүктөлсүн.

3.Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып аны мамлекеттик каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин тиешелүү аймактык бөлүктөрүнө,  “ММК “ гезитине мамлекеттик  тилде жарыялансын.

4.Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана кол коюлган күндөн тарта күчүнө кирет.

5.Токтомдун көзөмөлдөө жагы Искра айылдык кеңешинин туруктуу жер комиссиясына жүктөлсүн.

Искра айыл

кеңешинин төрагасы

 

К.А.Нурдинов