Редакцияот 07.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ИСКРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

Искра айылдык кеңешинин 28-чакырылышынын кезектеги 1-отуруму

 

 

2023-жылдын 7-февралы № 06-т

 

Искра айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Дөбө айылында жайгашкан Искра айыл өкмөтүнүн имараты турган тиешелүү жер тилкесин бекитип берүү жөнүндө

    

      Төмөндөгү Искра айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Дөбө айылында жайгашкан айыл өкмөтүнүн имараты турган жер тилкесин бекитип берүү жөнүндөгү  маселени карап жана талкуулап  Искра айылдык кеңеши

                                           

                                                 Токтом кылат:

1.Кара-Дөбө айылынын Айтбаев М көчөсүнүн №7 дарегинде жайгашкан Искра айыл өкмөтүнүн имаратына 3873,53 м2 болгон жер тилкеси   бекитилип берилсин.

2. Искра айыл өкмүнүн имаратына жер тилкесин бекитип берүүсү жана  кагаз иштерин толук бүтүрүү жагы  Искра айыл  өкмөтүнүн башкы жерге жайгаштыруу адисинин милдетин аткаруучу  У. Ишеналиевке жүктөлсүн.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып аны мамлекеттик каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин тиешелүү аймактык бөлүктөрүнө,  “ММК “ гезитине мамлекеттик  тилде жарыялансын.

4. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана кол коюлган күндөн тарта күчүнө кирет.

5. Токтомдун көзөмөлдөө жагы Искра айылдык кеңешинин туруктуу жер комиссиясына жүктөлсүн.

Искра айыл

кеңешинин төрагасы

 

К.А.Нурдинов