Загрузка документа…
УЧКУН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
10-кезексиз сессиясы
2025-жылдын 11-сентябры № 1
Учкун айыл аймагында калктын тынчтыгын жана эс алуу убактысын камсыз кылуу тартиби жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 Жарлыгынын жана “Тынчтык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын ишке ашыруу жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине таянып, Учкун айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 Жарлыгынын жана “Тынчтык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын ишке ашыруу максатында ,калктын тынчтыгын жана эс алуу убактысын камсыз кылуу тартиби жөнүндө Жобосу 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Айыл аймакта калктын тынчтыгын жана эс алуу убактысын камсыз кылуу тартиби тууралуу Жобонун аткарылышын жана ирээтке келтирүү жагы Учкун айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан түзүлгөн көзөмөлдөөчү комиссиясына милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Учкун айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ботояровго жана Бузуулар боюнча түзүлгөн комиссиясына тапшырылсын.
4. Бул токтом ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык жарыялансын жана Мамлекеттик реестрге киргизилсин.
5. Токтом айыл аймактын сайтында расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | К. Мамырбаев |
Учкун айыл аймагынын айылдык кеңешинин 10-кезексиз сессиясынын №1 токтому менен бекитилди
Учкун айыл аймагында калктын тынчтыгын
жана эс алуу убактысын камсыз кылуу тартиби жөнүндө
ЖОБО
1. Жалпы Жоболор;
2. Жобону иштеп чыгуунун, кабыл алуунун (бекитүүнүн) жана күчүнө киргизүүнүн тартиби;
3. Жобонун талаптарынын жайылтылбашы;
4. Жарандардын бейпилдигин жана тынчтыгын бузуудан корголууга тийиш болгон объекттер (жайлар) жана аймактар
5. Калктын тынчтыгын жана бейпилдигин камсыз кылуу чаралары;
6. Учкун айыл аймагында калктын тынчтыгын жана эс алуу убактысын камсыз кылуу тартиби тууралуу Жобонун аткарылышын ирээтке келтирүү, көзөмөлдөөчу комиссиялар жана кызмат адамдары
7. Жобонун талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчилик
1. Жалпы Жоболор
1.1. Аталган Жобо Учкун айыл аймагынын бардык аймактарында Кыргыз Республикасынын “Тынчтык жөнүндө” Мыйзамын аткарылышын камсыз кылууга багытталат жана айыл аймагында калктын тынчтыгын жана эс алуу убактысын камсыз кылуу тартибин белгилейт, калктын тынчтыгын жана эс алуу убактысын камсыз кылуу менен байланышкан мамилелерди жөнгө салат.
2. Жобону иштеп чыгуунун, кабыл алуунун (бекитүүнүн) жана күчүнө киргизүүнүн тартиби, аткаруу тартиби
2.1. Калктын тынчтыгын жана эс алуу убактысын камсыз кылуу тартиби тууралуу Жобо Учкун айыл өкмөтү тарабынан демилгеленет, Учкун айылдык кеңеши тарабынан бекитилет, Жобо Кыргыз Республикасынын ченемдик -укуктук актыларынын талабына ылайык өзгөртүлүп, толукталашы мүмкүн жана Жобо, Жобонун бекитүү тууралуу айылдык кеңештин чечими расмий жарыялангандан баштап күчүнө кирет.
2.2. Жобо айыл аймагынын айыл тургундары, коммерциялык, коммерциялык эмес жеке жана юридикалык жактар тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш.
3 . Жобонун талаптары төмөнкүлөргө карата жайылтыбайт:
-укук бузуулардын алдын алууга, авариялардын, табигый кырсыктардын, башка өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана кесепеттерин жоюуга, адамдардын жеке жана коомдук коопсуздугун камсыз кылуу менен байланышкан кечиктирилгис иштерди жүргүзүүгө жана калктын жашоо-тиричилигин камсыздоочу объекттердин иштешине багытталган;
- долбоордук-курулуш документтерине ылайык өндүрүштүк-техникалык шарттарга байланыштуу токтотулушу мүмкүн болбогон иштерди жүргүзүү боюнча;
- тиешелүү конфессиялардын канондук талаптарынын алкагында диний табынууну, анын ичинде азан чакырууну жүзөгө ашырууда;
- массалык коомдук иш-чараларды, анын ичинде расмий, дене тарбия, спорттук, маданий иш-чараларды жана салтанаттарды өткөрүүдө.
4. Жарандардын бейпилдигин жана тынчтыгын бузуудан корголууга тийиш болгон объекттер (жайлар) жана аймактар
Айыл аймагында калктын эс алуусун камсыз кылуу максатында тынчтыкты бузуудан корголууга тийиш болгон жайларга жана аймактарга төмөнкүлөр кирет:
- көп батирлүү үйлөр, мейманканалар, жатаканалар жана жеке турак үйлөргө тийиштүү аймактар;
- жеке турак үйлөрдү куруу зоналары;
- билим берүү жана саламаттык сактоо уюмдарынын, ошондой эле социалдык, реабилитациялык, көрсөтүүчү уюмдардын аймактары жана жайлары;
- жарандарды убактылуу жайгаштыруу жана (же) убактылуу туруусун камсыз кылуу боюнча кызматтарды көрсөтүүчү уюмдардын аймактары жана жайлары.
5. Калктын тынчтыгын жана бейпилдигин камсыз кылуу
Белгиленген убакыт аралыгында Жобонун 3-пунктундагы корголууга тийиш болгон аймактарда жана жайларда жарандардын тынчтыгын жана бейпилдигин бузуучу аракеттерге төмөнкүлөр кирет:
- телевизорлорду, радиокабылдагычтарды жана башка үндү кайталап чыгаруучу түзүлүштөрдү, ошондой эле үн басымынын жана ызы-чуунун жол берилген деңгээлинен ашкан үндү күчөтүүчү түзүлүштөрдү, анын ичинде транспорт каражаттарында, соода объектилеринде (дүкөндөрдө, күркөөлөрдө, павильондордо, лотоктордо), көңүл ачуучу жана оюн-зоок жайларында ( караоке, дискотекалар) жана коомдук тамактануу жайларында (кафелер, ресторандар, барлар, ашканалар) орнотулган түзүлүштөрдү пайдалануу;
- музыкалык аспаптарда ойноо, ышкыруу, ырдоо, ошондой эле үн басымынын жана ызы-чуунун жол берилген деңгээлинен ашкан үн менен коштолгон башка аракеттерди жасоо;
- тартип бузуучулар тарабынан иштетилген күзөт сигнализациясынын, транспорт каражаттарынын сигнализациясынын үн чыгаруусун өчүрүү боюнча өз убагында чара көрбөгөндүк, транспорт каражатынын жардамы менен үн сигналдарын зарыл болбосо да пайдалануу же эс алуу учурунда тынчтыкты бузууга алып келген башка ызы-чуу таасирлерин жаратуу;
- пиротехникалык каражаттарды пайдалануу;
- көп кабаттуу турак-жайларды адамдардын эс алуу учурунда тынчтыгын бузууга алып келген оңдоп-түзөө, жүк түшүрүү-жүктөө (анын ичинде көчүү, эмеректерди жылдыруу), тазалоо жана башка иштердин түрлөрүн жүргүзүү, механикалык каражаттарды жана техникалык түзүлүштөрдү иштетүү;
- белгиленген убакытта корголууга тийиш болгон аймактарда жана жайларда жарандардын тынчтыгын жана бейпилдигин бузууга алып келген башка аракеттер.
- төмөнкү убакыт аралыгында үн басымынын жана ызы-чуунун белгиленген деңгээлдеринен ашууга жол берилбейт:
- жумуш күндөрү - саат 22:00дөн 07:00гө чейин;
- дем алыш жана майрам күндөрү - саат 22:00дөн 09:00гө чейин.