ИСКРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Искра айылдык кеңешинин 28-чакырылышынын кезексиз 1-отуруму
2023-жылдын 24-февралы № 8-т
Чүй районунун Кошкоргон, Сайлык айыл аймактары менен Искра айыл аймагын бириктирүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын административдик – аймактык түзүлүшүнүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу максатында Чүй облусунун Чүй районунун Искра айылдык кенеши
токтом кылат :
1. Чүй районунун Кошкоргон, Сайлык айыл аймактары менен Искра айыл аймагын бириктирүү маселеси колдоого алынсын .
2. Бириккен айыл амйак “ БИРИМДИК” айыл аймагы деп аталсын.
3. Бириккен Кошкоргон , Сайлык, Искра айыл аймактарынын борбору Кара-Дөбө айылында жайгашсын .
4. Ушул токтомду көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Искра айылдык кенешинин төрагасы К. Нурдинов