Загрузка документа…
УЧКУН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
10-кезексиз сессиясы
2025-жылдын 11-сентябры № 2
Биргелешкен мониторинг жана баалоо комиссиясынын курамын түзүү жөнүндө
Учкун айылдык кенешинин 2025-жылдын 16-майындагы №1 токтому менен бекитилген Жарандарды жана алардын бирикмелерин тартуу менен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча Жобонун 3-бөлүмүнө ылайык , Учкун айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Т.Токсобаева-Учкун айылдык кенешинин депутаты;
2. Э.Ыбышова- Учкун айылдык кенешинин депутаты;
3. Т.Мамеков- Учкун айылдык кенешинин депутаты;
4. С.Керимов-Учкун айыл өкмөтүнүн орун-басар-жооптуу катчысы
5. А.Бейшеналиев- жетектөөчү адис, комиссиянын мүчөсү
2. Айыл өкмөтүнүн башчысына бул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү иш аракеттерди алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4 Бул токтом ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык жарыялансын жана Мамлекеттик реестрге киргизилсин.
5. Токтом айыл аймагынын сайтына расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | К. Мамырбаев |