Загрузка документа…
УЧКУН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
10-кезексиз сессиясы
2025-жылдын 11-сентябры № 3
Учкун айыл аймагындагы Куланак айылындагы “Айым формасы”
фитнес-клубун керектүү жабдуулар менен камсыздоо максатында каражат бөлүү жөнүндө
Жергиликтүү демилгелерди каржылоо жолу менен жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүн, алардын бирикмелерин, башка жеке жана юридикалык жактарды жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жигердүү катышууга шыктандыруу максатында жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 51-беренесинин, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын 17-беренесинин негизинде Учкун айылдык кеңеши токтом кылат:
2. 2025-жылга карата жергиликтүү демилгелерди колдоо максатында “Айым формасы” фитнес-клубдун ички жасалгасын жаныртуу жана керектүү жабдуулар менен камсыздоо максатында 47550 (кырк жети мин беш жүз элүү) сом өздүк салым катары акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Айыл өкмөтүнүн башчысына бул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү иш аракеттерди алып баруу жагы милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
5. Бул токтом ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык жарыялансын жана Мамлекеттик реестрге киргизилсин.
6. Токтом айыл аймагынын сайтына расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | К. Мамырбаев |