Редакцияот 15.11.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ИСКРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2021-жылдын 15-ноябры № 24

Искра айыл аймагында жайгашкан “Жайыт багытындагы жерлерден жеке турак жай жана өнөр жайкатегориясына которуу жөнүндө (трансфармациалоо)

 

Искра айыл аймагында жайгашкан “Жайыт багытындагы жерлер категориясынан” жеке турак жай жана өнөр жай катенориясына которууга Кыргыз Республикасынын Чүй обласындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2021-жылдын 14-сентябрындагы кириш №04-1/445 катындагы ички жана тышкы инвестиция тартуу сунушун карап чыгып,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №169-токтому менен бекитилген 2014-жылдын 19-июнундагы “Жер тилкелерин трансфармациялоо жөнүндө” убактылуу жобосу. Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 11-беренеси, Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу Жөнүндө” №101-мыйзамын жетекчиликке алуу менен Искра айыл кенеши:

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

         1. Искра айыл аймагынын батыш зонасында жайгашкан жалпы аянты 7,6 га болгон №571 контурунда жайгашкан “Жайыт категориясынан” жеке турак жай категориясына, которууга (трансфармациалоого) Чүй райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.

         2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу иши Искра айылдык кенешинин туруктуу жер комиссиясынын төрагасы Нурбек у Ага жүктөлсүн.

 

 

Төрага:    

 

  Нурдинов К.А