Загрузка документа…
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-сентябрындагы № 578 токтому менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу
Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан
Мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фонддун пенсиялык
топтоо каражаттарын төлөө эрежелери
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-апрелиндеги № 244 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
2-глава. Пенсиялык топтоо каражаттарынын эсебинен төлөнүүчү төлөмдөрдүн түрлөрү
3-глава. Пенсиялык топтоо каражаттарын (пенсиянын топтоо бөлүгүн) төлөө үчүн камсыздандырылган адамдардын кайрылуу тартиби
4-глава. Ушул Эрежелердин 1-пунктунун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн камсыздандырылган адамдардын пенсиясынын топтоо бөлүгүн алуу үчүн кайрылуу тартиби
5-глава. Ушул Эрежелердин 1-пунктунун 1, 2, 5-пунктчаларында көрсөтүлгөн камсыздандырылган адамдардын пенсиясынын топтоо бөлүгүн алуу үчүн кайрылуу тартиби
6-глава. Ушул Эрежелердин 1-пунктунун 3-пунктчасында көрсөтүлгөн камсыздандырылган адамдардын пенсиянын топтоо бөлүгүн алуу үчүн кайрылуу тартиби
7-глава. Ушул Эрежелердин 1-пунктунун 4-пунктчасында көрсөтүлгөн камсыздандырылган адамдардын пенсиянын топтоо бөлүгүн алуу үчүн кайрылуу тартиби
8-глава. Ушул Эрежелердин 1-пунктунун 6–8-пунктчаларында көрсөтүлгөн камсыздандырылган адамдардын пенсиялык топтоо каражаттарын алуу үчүн кайрылуу тартиби
9-глава. Ушул Эрежелердин 1-пунктунун 9-пунктчасында көрсөтүлгөн камсыздандырылган адамдардын пенсиялык топтоо каражаттарын алуу үчүн кайрылуу тартиби
10-глава. Ушул Эрежелердин 1-пунктунун 10-пунктчасында көрсөтүлгөн камсыздандырылган адамдардын пенсиялык топтоо каражаттарын алуу үчүн кайрылуу тартиби
11-глава. Арыздарды кароо, пенсиялык топтоолорду (пенсиянын топтоо бөлүгүн) эсептөө жана төлөө тартиби
12-глава. Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык макулдашуулардын жана келишимдердин ченемдерин колдонуу
1-глава. Жалпы жоболор
1. Пенсиянын топтоо бөлүгү жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүндө пенсиялык топтоолору бар алуучуларга дайындалат жана төлөнөт, анын ичинде:
1) “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пенсия алуучу пенсионерлерге;
2) “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пенсияга укугу бар жана аны дайындоо үчүн кайрылган адамдарга;
3) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашоого кеткен же кетип жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга;
4) каза болгон камсыздандырылган адамдын мураскорлоруна;
5) “Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пенсияга чыккан пенсионерлерге;
6) төмөнкү адамдарга, алардын жубайларына:
– коммерциялык банктар, башка финансы-кредиттик уюмдар аркылуу ипотекалык кредит алып жаткан же алган, беш жүз эсептик көрсөткүчтөн кем эмес жана ипотекалык кредиттин калдыгынын суммасынан ашпаган суммада;
– коммерциялык банктар аркылуу мурабаха келишими боюнча бөлүп төлөө менен турак жай сатып алуу боюнча ислам принциптеринин алкагында ипотекалык каржылоо алып жаткан же алган, беш жүз эсептик көрсөткүчтөн кем эмес жана ипотекалык кредиттин калдыгынын суммасынан ашпаган суммада;
– Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары аркылуу ипотекалык кредит алып жаткан же алган, беш жүз эсептик көрсөткүчтөн кем эмес жана ипотекалык кредиттин калдыгынын суммасынан ашпаган суммада;
– “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коому (мындан ары – “МИК” ААК) тарабынан ишке ашырылуучу мамлекеттик турак жай программасынын алкагында кийин сатып алуу менен турак жайды ижаралоо келишими боюнча төлөмдөрдү төлөгөн, беш жүз эсептик көрсөткүчтөн кем эмес жана төлөмдүн калдыгынын суммасынан ашпаган суммада;
7) “МИК” ААК, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары тарабынан ишке ашырылып жаткан мамлекеттик турак жай программасынын алкагында үлүштүк курулушка катышкан адамдарга, алардын жубайларына беш жүз эсептик көрсөткүчтөн кем эмес жана ушул төлөмдүн суммасынын калдыгынан ашпаган суммада;
8) үлүштүк турак жай курулушуна катышкан же курулган объекттерде курулуш субъекттеринен бөлүп төлөө келишими боюнча төлөмдөрдү төлөгөн адамдарга, алардын жубайларына беш жүз эсептик көрсөткүчтөн кем эмес жана ушул төлөмдүн калдыгынын суммасынан ашпаган суммада;
9) ушул Эрежелердин 5-тиркемесинде көрсөтүлгөн Пенсиялык топтоо каражаттарын (пенсиянын топтоо бөлүгүн) мөөнөтүнөн мурда алууга укук берген оор оорулардын тизмегине (мындан ары – Оорулардын тизмеги) ылайык оор оорулары бар адамдарга, ошондой эле алардын жубайларына, балдарына, ата-энелерине;