Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
2025-жылдын 30-июлу № 62
Шаарда спорт жана дене тарбия иштери боюнча жүргүзүлүп
жаткан иштери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 27-беренесинин 20-пунктуна жана Баткен шаардык Кеңешинин 2025-жыл үчүн бекитилген иш планына ылайык, шаардык Кеңештин социалдык жактан өнүгүү, жаштар, спорт, туризм, медицина, билим берүү, илим, маданият жана санитардык, ветеринардык кызмат маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 25-июлдагы корутундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы токтом кылыт:
1.Баткен шаарында спорт жана дене тарбия иштери боюнча жүргүзүлүп жаткан иштери жөнүндө маалыматы тиркемеге ылайык көңүлгө алынсын (№1 тиркеме)
2.Шаар аймагында жалпы спортту өнүктүрүүгө шарт түзүү жана колдоо үчүн жеткиликтүү кызматтар көрсөтүлсүн.
3.Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин.
4.Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары Ч.Ахмедовга тапшырылсын.
Төрага: | А.Аширов |
Баткен шаардык Кеңешинин VIII
чакырылышынын кезектеги
VII сессиясынын №______ токтомуна
№1 тиркеме
Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндөгү” Жарлыгынын алкагында, Баткен шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмү тарабынан 2025-жылдын 6 ай ичинде бир катар спорттук иш-чаралар өткөргөн.
Баткен шаарында калктын дене тарбия жана спорт менен машыгуусуна шарт түзүү, жаштардын спортко болгон кызыгууларын арттыруу, өсүп келе жаткан жаш спортчулардын чеберчиликтерин көтөрүү, калкты дене бой жактан даярдоо нормативдерин алуу, жалпы элди сергек жашоого үгүтт өө жана жаштарга патриоттук тарбия берүү максатында 2025-жыл үчүн түзүлгөн спорттук календардык пландын негизинде төмөнкү спорттук иш чараларды уюштуруп өткөрүлгөн.
Волейбол боюнча:14-февраль күнү Советтик жоокерлердин Ооган жергесинен чыгарылгандыгынын 36 жылдыгына карата мектеп окуучулар арасында волейбол боюнча мелдеш болуп өттү. Мелдешке жалпысынан 6 балдар жана 10 кыздар командасы катышышты. Аталган мелдешке 23040 сом акча каражаты бөлүндү. Жыйынтыгында балдар арасында 1-орунду №4 жалпы билим берүү орто мектеби, 2-орун №3 А.Имаров атындагы орто мектеби жана 3-орунду Кызыл-Жол орто мектебинин командасы жетишти. Ал эми кыздар арасында 1-орунду С.Айтматов атындагы орто мектеби, 2-орунду №3 А.Имаров атындагы орто мектебинин командасы жана 3-орунду №4 жалпы билим берүү орто мектебинин командасы ээлешти. Жеңүүчүлөргө Баткен шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмү тарабынан медаль, кубок жана дипломдор ыйгарылды. Мелдешке жалпы 250 окуучу катышты.
22-23-февраль күндөрү Баткен шаарынын дене тарбия жана спортунун калыптанышына, өнүгүшүнө чоң салым кошкон инсан Т.Таабалдиевдин жаркын элесине арналган волейбол боюнча мелдеш өткөрүлдү. Аталган мелдешке 86740 сом акча каражаты бөлүндү. Мелдеште 1-орунду Кызыл-Жол командасы, 2-орунду ВВ Шер командасы, 3-орунду Сузак командасы, 4-орунду Бөрү командасы ээлешти. Жеңүүчүлөргө Баткен шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмү тарабынан акчалай сыйлык, кубок жана дипломдор ыйгарылды. Мелдешке 350 дөй оюнчу катышты.
Ал эми 8-март аялдардын Эл аралык майрамына карата 6-март күнү Баткен шаарындагы №4 мектебинин спорттук залында кыз-келиндер арасында волейбол боюнча мелдеш өткөрүлдү. Аталган мелдешке 28 928 (жыйырма сегиз миң тогуз жыйырма сегиз) сом акча каражаты жумшалды. Жыйынтыгында 1-орун Баткен шаары командасы, 2-орун Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин командасы, 3-орун Жеке ишкерлер командасы, 4-орун Соц.блок командасы ээлешти. Жалпысынан 11 команда катышты.
6-апрель Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата 4-апрель күнү С.Айтматов атындагы орто мектебинин спорттук залында Баткен шаарында эмгектенип жаткан дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин арасында волейбол боюнча мелдеш болуп өттү. Аталган мелдешке 42 648 (кырк эки миң алты жүз кырк сегиз) сом акча каражаты жумшалды. Жыйынтыгында Биримдик командасы 1-орун, Баткен шаары 2-орун жана Кызыл-Жол командасы 3-орунга жетишти.
Кыргыз спортунун 100 жылдыгына карата 15-апрель күнү Баткен шаарынын аймагындагы мектеп окуучуларынын балдар жана кыздар арасында волейбол боюнча мелдеш болуп өттү. Аталган мелдешке 22 896 (жыйырма эки миң сегиз жүз токсон алты) сом акча каражаты жумшалды. Жыйынтыгында балдар арасында 1-орун Баткен облустук жатак мектеби, 2-орун Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектеби жана 3-орунду №4 Жалпы билим берүүчү орто мектептеринин командалары ээлешти. Ал эми кыздар арасында 1-орун С.Айтматов атындагы орто мектеби, 2-орун Баткен облустук жатак мектеби жана 3-орун Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектептеринин командалары жеңишке жетишишти.
Республикалык “Мектеп лигасы” долбоорунун шаардык туру 2025-жылдын январь, февраль айларында Республикалык “Мектеп лигасы” долбоорунун шаардык туру өткөрүлдү. Аталган мелдешке футбол боюнча 5 мектеп, волейбол боюнча 6 мектеп, шахмат боюнча 4 мектеп жана баскетбол боюнча 4 мектеп, женил атлетика боюнча 1 мектеп катышты. 2025-жылдын 12-март күнү Республикалык “Мектеп лигасы” долбоорунун шаардык турунун жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өткөрүлдү. Жеңүүчүлөргө диплом, медаль жана кубок тапшырылды. Ага 68 070 (алтымыш сегиз миң жетимиш) сом акча каражаты жумшалды.
Баткен шаарынын элин массалык спортко тартуу жана аны жайылтуу максатында
Ошондой эле 21-март “Нооруз-2025” элдик майрамына карата шахмат боюнча Баткен шаарынын биринчилиги өткөрүлдү. Ага жалпысынан 32 оюнчу катышты. Аталган мелдешке 10 810 (он миң сегиз сегиз жүз он) сом акча каражаты жумшалды.
9-май Улуу Жеңиш майрамына карата спорттун таяк тартыш, кол күрөш, таш көтөрүү жана шахмат түрлөрү боюнча Баткен шаарынын ачык биринчилиги болуп өттү. Аталган мелдешке 11 509 (он бир миң беш жүз тогуз) сом акча каражаты бөлүндү. Мелдешке 32 оюнчу катышты. Жеңүүчүлөргө Баткен шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмү тарабынан диплом, медаль жана акчалай сыйлыктар ыйгарылды.
Кыргыз Республикасынын Президентинин “2024-2034 Кыргыз Республикасында футболду андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында Баткен шаарында футболду мындан ары өнүктүрүү боюнча иш-чаралар уюштурулуп келет.
Шаарыбызда кичи-футбол менен машыккан спортчулар дагы күн санап өсүп келүүдө. Атап айтканда 1-июнь күнү Балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата өспүрүмдөр арасында кичи-футбол боюнча мелдеш өткөрүлдү. Аталган мелдешке 10 250 (он миң эки жүз элүү) сом акча каражаты бөлүнгөн. Мелдешке жалпы 6 мектеп окуучуларынын командалары катышты. Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө Баткен шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмү тарабынан диплом, медаль жана кубок менен сыйланды.