Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
2025-жылдын 30-июлу № 63
Баткен шаарынын 2025-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин кээ бир бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34- беренесинин 1;3- беренелерине ылайык Баткен шаардык Кеңешинин финансы, экономика, бюджет, салык жана инвестицияларды тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 25-июлундагы корутундусунун негизинде Баткен шаардык Кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы Токтом кылат:
1. Баткен шаарынын 2025-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин кээ бир бөлүгүнө төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы “ Баткен –Автобаза” муниципалдык ишканасынын 2025-жыл үчүн бекитилген сметасында 2214-беренесине “күйүүчү жана майлоочу майларды сатып алуу” беренесиндеги 1309400 сом кыскартылып, 2111-Эмгек акы бернесине 1309400 сом кошулуп берилсин.
2) Баткен шаардык бириккен Аскер комиссариатына 2025-жыл үчүн сметасынын 2214-берене “транспорт чыгымдар” 15000 сом, 2215-берене “ар түрдүү чыгымдар” (даараткана тазалоо үчүн) 10964 сом, 2222-берене (канцелярдык чыгымдар) 40000 сом кыскартылып, 2231-берене (электр энергиясы) беренесине 65964 сом кошулуп берилсин.
2.Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин.
3.Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Баткен шаардык Кеңешинин финансы, экономика, салык инвестицияларды тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Р.Орозбаев/ тапшырылсын
Төрага: | А.Аширов |