Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
2025-жылдын 30-июлу № 64
Баткен шаарынын инфратүзүмүн 2025-жыл ичинде жергиликтүү бюджеттен каржыланып жасалуу иш-чарасына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34- беренесинин 1;3- беренелерине ылайык Баткен шаардык Кеңешинин финансы экономика, бюджет, салык жана инвестицияларды тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 25-июлундагы кортундусунун негизинде Баткен шаардык Кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы Токтом кылат:
1.”Баткен шаарынын инфратүзүмүн 2025-жыл ичинде жергиликтүү бюджеттеин эсебинен жасоо жөнүндөгү” Баткен шааардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VII сессиясынын 2025-жылдын 28-январдагы №2 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилип кыскартылсын:
3112-берене: Жөө жүргүнчүлөр үчүн жол чырак - 450 000 сом
2214 –берене: Таштанды полигонун иретке келтирүү үчүн ГСМ ге -500 000 сом
3111–берене: Флаг штог курууга -2000 000 сом
3111–берене: Чет-Булак АТОсуна өнөр жай багыт.жерге салынуучу жолго
асфальт- 7000 000 с,
2215-берене: Троллейбус ташып келүүгө 3000 000 сом,
2215 берене: Чет-Булак АТОсуна курулуучу стадиондун долбооруна 2000 000сом,
2215-берене:Булганыч сууларды тазалоо системасынын долбооруна 2000 000 сом
3111-берене: Борбордук стадиондун ичиндеги спорт залды оңдоо – 1500 000 сом
кыскартылуучу сумма 18450 000 сом
2.2025-жылдын II жарым жылдыгында жасалып төмөнкү кошумча иш чаралар жасалууга киргизилсин:
3112-берене: Темир бетон заводун курууга 10200 000 сом,
3111-берене: Кызыл-Жол АТОсуна сугат суу лоток орнотуу 1100 000 сом
3111-берене: Н.Дыйканов көчөсүнө сугат суу ноолорун орнотууга 300 000 сом
2222-берене: светодиоддук лента сатып алуу 400 000 сом,
3314-берене: Лизинге эксковатор сатып алуу 3000 000 сом,
3111-берене: Балдар аянтчасын курууга 1500 000 сом
2222-берене: Дөгмөн айылына полиэтлон турба сатып алууга 200 000 сом,
3221-берене:Жөө жүргүнчүлөр үчүн жол чийүү үчүн 500 000 сом,
3113-берене: шаарды көрктөндүрүү үчүн гүл сатып алууга 300 000 сом
2215-берене: ар түрдүү чыгымдар (долбоор чийдирүү, сатып алуу) 950 000 сом
Баары 18450 000 сом
3. Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин
4.Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин
5.Токтомдун аткарылышн көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин финансы, экономика, салык жана инвестицияларды тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Р.Орозбаев/ тапшырылсын
Төрага: | А.Аширов |