Загрузка документа…
АЛТЫН-БЕШИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 4-сентябры № 52
Алтын-Бешик айыл аймагындагы салтанатуу иш чараларды коомдук жайларда өткөрүүнүн убактысын чектөө жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 мыйзамынын 34-беренсинин 13-пунктуна Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасындагы үй-бүлөлүк салттарды жана маркумду эскерүү каада-салттарын тартипке келтирүү чаралары жөнүндө №54-жарлыгын Кыргыз Республикасынын “Тынчтык жөнүндө” Мыйзамынын талаптарын аткаруу максатында, Алтын-Бешик айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук укук туруктуу комиссиясынын маалыматына ылайык Алтын-Бешик айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз ХI сессиясы токтом кылат:
1. Алтын-Бешик айыл аймагында салтанаттуу иш-чаралар (түрүнө карабастан) коомдук жайларда өткөрүүнүн убактысын чектөө кечки саат 22:00гө чейин белгиленсин.
2. Алтын-Бешик айыл аймагына караштуу коомдук жайлардын менчик ээлерине белгиленген чектөө киргизилгендиги жөнүндө кабарлансын.
3. Токтом Алтын-Бешик айыл өкмөтүнүн расмий сайты аркылуу жарыялансын жана токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө киргизилсин.
4. Токтомду мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Баткен облусттук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер, жана мыйзамдуулук маселелери боюнча туруктуу комиссиянын жүктөлсүн.
Төрайым: | А.Матраимова |