Загрузка документа…
БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын кезексиз IX сессиясы
2025-жылдын 11-сентябры № 9/1
Баш-Кайыңды айыл аймагындагы корук,тоют топтоо жумуштарынын,оруп-жыюу жумуштарынын жүрүшү жана жасалып жаткан иштер боюнча айыл өкмөтүнүн башчысынын маалыматы жөнүндө
Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жумалиевдин маалыматын угуп жана талкуулап Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин
кезексиз IX сессиясы токтом кылат :
1. Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жумалиевдин аткарылып жаткан иштер боюнча берген маалыматы эске алынсын.
2. Дан эгиндерине калтырылган арпа аянттарын коромжусуз жыйнап алуу максатында корук иштери колго алынсын жана комбайндардын үзгүлтүксүз иштөөсүнө көзөмөл жүргүзүлсүн.
3. Айыл аймакта корук иштерин колго алуу жана малдын тартибин ирээтке келтирүү максатында 2026-жылга карата “Жол- Богошту”, “Үйүрмө” ашууларын тосуу иштерине аракеттер көрүлсүн.
4. Өзгөрүш,Талды-Суу,1-Май айылдарындагы эски,жүрбөй турган комбайндар айыл өкмөтүнүн карамагына өткөрүлүп алынсын.
5. Баш-Кайыңды айылынын борбордук көчөсүндөгү жол чырактарын жогору жагы Чоң дөбөгө чейин жана кире бериши аркага чейин коюу иштери аткарылсын.
6. Өзгөрүш,Талды-Суу1-Май айылдарынын ички көчөлөрүнө шагыл төгүү үчүн каралган акча каражаты такталып,шагыл төгүү иштери аткарылсын.
7. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Баш-Кайыңды айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жумалиевге милдеттендирилсин.
8. Бул токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап, ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү жооптуу катчы А.Чукулуковго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Бокоев |