Загрузка документа…
БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын кезексиз IX сессиясы
2025-жылдын 11-сентябры № 9/2
Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкөтүндө жайыт жер аянттарын которуштурууга(трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы жер комиссиясынын 08.08.2025-жылдагы №9 корутундусунун негизинде жана айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адиси Курманбек уулу Абылайдын маалыматын угуп жана талкуулап Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз IX сессиясы токтом кылат :
1.Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу 1-Май айылындагы “Туюк-Богошту” участкасындагы №816 жана № 817 контурларындагы жалпы аянты 0,35 га жайыт жер аянтына ичүүчү таза суунун суу сактоочу жайын куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын,транспорттун,байланыштын,энергетиканын,коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуштурууга(трансформациялоого) макулдук берилсин.
2.Кабыл алынган чечимдер боюнча тиешелүү документтердин топтомун белгиленген тартипте Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясына даярдап берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жумалиевге милдеттендирилсин.
3.Бул токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап,ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү жооптуу катчы А.Чукулуковго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Бокоев |