Загрузка документа…
БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын кезексиз IX сессиясы
2025-жылдын 11-сентябры № 9/6
“Тынчтык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын,Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 54 “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү урп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын Баш-Кайыңды айыл аймагында ишке ашыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун 2025-жылдын 14-августундагы №27-19633 тапшырмасын аткаруу жана “Тынчтык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын,Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 54 “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кезексиз IX сессиясы токтом кылат :
1. Баш-Кайыңды айыл аймагында “Тынчтык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын,Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 54 “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү урп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу үчүн калк арасында кеңири тушүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.
2. Жогоруда аталган Мыйзамда жана Жарлыкта белгиленген салтанатуу иш-чараларды,тойлорду,мааракелерди,маркумду эскерүү үрп-адаттарын Баш-Кайыңды айыл аймагында саат: 22-00 гө чейин өткөрүү жана жыйынтыктоо белгиленсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жумалиевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап, ченемдик
укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү айылдык
кеңештин катчысы А.Чукулуковго тапшырылсын.
Төрага | А. Бокоев |