Загрузка документа…
БАЙЗАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
I чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
2025-жылдын 25-апрели № 8/1
Байзак айыл өкмөтүнө тиешелүү техникалардын иштөө
тарифтерин бекитүү жөнүндө
Байзак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн “Кайырма-Дыйкан” муниципалдык ишканасынын Байзак айыл өкмөтүнө тиешелүү техникалардын иштөө тарифтери бекитүүтууралу2025-жылдын 13-мартындагы №3 сандуу сунуш катын карап талкуулап Байзак айылдык кеңешинин сессиясы, токтом кылат:
1. Таза суунун тарифин сырттан ташып ичкендер үчүн 20 сом, үйдөн чыгарып алгандар үчүн 25 сом болуп бекитилсин
2. Таштандынын тарифи ар бир түтүнгө бир айга 100 (биржүз)сом, ал эми дүкөндөргө мекемелерге бир адамга 150 (бир жүз элүү) сом болуп бекитилсин.
3. Жайыт акынын тарифи бир жылга бодо малга 100 (бир жүз) сом майда жандык малга 20 (жыйырма) сом. Чабандардын мал багуу акысы бир айга бодо малдарга 500 (беш жүз) сом ал эми майда жандык малга 80(сексен) сом болуп бекитилсин.
4. Сугат суунун тарифи бир сугарган сууга 1 гектарга 250 (эки жүз элүү) сом, жаз күз айдо аянттардын коругу ичинде болуп бекитилсин, .
5. Погрузчик атайын техиканын тарифи бир саат иштегенге 1000 (бир миң) сом 20 (жыйырма) литр күйүүчү май өзүнчө, ал эми бир камаз кум, топурак, кык жана таштанды жүктөгөнгө 1000 (бир миң) сом күйүүчү майы ичинде. Айылдан тышкаары алыс жака барып иштегенге кошумча барып келгенге жолуна күйүүчү майы куюууну эске алуу менен бекитилсин.
6. Камаз атайын техиканын тарифи бир каттамы (рейси) кум, топурак тартанга 1200 (бир миң эки жүз) сом, ал эми кык, күл, таштанды тартканга 1000 (бир миң) сом күйүүчү май ичинде кылып бекитилсин.
7. Эксковатор атайын техникасынын тарифин чоң сузгучу менен казканга узуну 1метр тереңдиги 1,50метр жерге 350 (үч жүз элүү) сом, ал эми кичине сузгучу менен казканга узуну 1метр тереңдиги 1,50метр жерге 150 (бир жүз элүү) сом, чуңкур казканга 1метрге 1000 (бир миң) сом, арык казканга чоң сузгучу менен 1метр жерге 175 (бир жүз жеимиш беш) ал эми кичинекей сузгучу менен 1метр жерге 75 (жетимиш беш) сом күйүүчү ай ичинде. Айылдан тышкаары алыс жака барып келген жолуна кошумча күйүүчү май куюуну эске алуу менен бекитилсин.
8. Миксир атайын техникасынын тарифи 1³ (бир куб) бетонду куйганга Байзак айылынын тургундары үчун 1000 (бир миң)сом болуп айылдан тышкаары алыс жака барып келген жолуна кошумча күйүүчү май куюуну эске алуу менен бекитилсин
9. Комбайн атайын техниканын тарифин 1 гектар эгинди чапканга 3500 (үч миң беш жуз) сом күйүүчү май ичинде кылып бекитилсин.
10. Чөп престегичтин тарифин 1 гектар жердин чөбүн престегенге 1800 (бир миң сегиз жүз) сом 10 литр күйүүчү май же бир даана прес чөптү престегенге 10 (он) сом күйүүчү майы өзүнчө гектарына 10 (он) литр кылып бекитилсин.
11. Үйлөргө суу киргизкендерге уруксаат кагазын бергенге 3500 (үч миң беш жүз) сом, ал эми баня иштеткендер үчүн таза суунун тарифин жылына 7000 (жети иң)сом болуп бекитилсин.
12. Бул токтомдун аткарылышы Байзак айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
13. Ушул токтом bayzak.gov.kg сайтына жайгаштырылсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн. Каттоодон өткөрү жагы Байзак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Р.Кадырбаевге милдттендирилсин.
Төрага | К.К. Качкынбаев |