Загрузка документа…
БАЙЗАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
I чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
2025-жылдын 25-апрели № 8/4
Байзак айыл аймагынын айылдык кеңешинин иш-планын
бекитүү жөнүндө
Байзак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылга карата иштелип чыккан иш-планын карап талкуулап КРнын 2011-жылдын 15-июлундагы «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» № 101-мыйзамынын 4-главасынын 31-беренесинин 2-пунктунун 11-пунктчасына ылайык Байзак айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Байзак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылга карата иштелип чыккан иш-планы жактырылсын жана бекитилсин.
2. Байзак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылга карата түзүлгөн иш-планын негиз кылып иш алып баруу жагы айылдык кеңештин депутаттарына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Байзак айылдык кенешинин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом www.gamsumo.gov.kg сайтына жайгаштырылсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн. Каттоодон өткөрүү Байзак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Кадырбаев Русланбек Жумагуловичке милдеттендирилсин |
Төрага | К.К. Качкынбаев |