Загрузка документа…
БАЙЗАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
I чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
2025-жылдын 7-августу № 9/2
Байзак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бекитилген бюджетинин бөлүнүшүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Байзак айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын бюджетинин сметасынын чыгаша бөлүгүнүн айрым беренелерине өзгөртү киргизүү жөнүндө Байзак айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Батыровдун жана Байзак айыл өкмөтүнүн социялдык-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Д.Бегалиевдин билдирүүсүн угуп, талкуулап Байзак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 7-августундагы №7 протоколунун негизинде, Байзак айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Байзак айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бекитилген бюджетинин бөлүнүшүнө төмөнкүдөй тартипте өзгөртүүлөр киргизилсин: |
- 2215 беренессиндеги Юрист келишим менен алуу үчүн каралган 360,0 ми сомдон 300,0 мин сом кыскартылсын.
- 3111 беренесинен Токтомуш СПАсынын башкы суу бөлгүч үчүн бөлүнгөн карызына коюлган 500,0 мин сом кыскартылсын.
- 3111 беренесиндеги Гараждагы кампанын ремонтуна бөлүнгөн 6062,1 мин сомдон 1779,9 мин сом кыскартылсын, 4282,2 миң сом №3 кампанын ремонту үчүн калтырылсын
2. Бюджет боюнча жогорудагы үч позициядан кыскартылган 2579,9 миң сом төмөндөгүлөргө кошумча бөлүнүп берилсин.
- Ремонт иштерин жүргүзүүдө көзөмөл кылуучуларына 690,0 мин сом,
- ТПлардын документтерин бүткѳрүү жана РЭСке ѳткѳрүү 500,0 мин сом,
- Айыл өкмөттүн резервдик фондуна 264,0 мин сом,
- Таза суу кызматкерине атайын машина алуусуна 200,0 мин сом,
- Мектептин кабинет жасалгалоосуна 200,0 мин сом,
- Спорт мектептин тарбиялануучуларынын командировкалык чыгымдоолоруна 200,0 мин сом,
- Баш-Кууганды айылындагы спорт залга спорттук мат алуусуна 80,0 мин сом,
- Мамбетказиев Турдубектин уулуна жардамга , Уйун ондондотууга 350,0 мин сом компенсация бөлүмүнө
3.2025-жылга бекитилген бюджеттин чыгашаларына өзгөртүү киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин Жумгал башкармалыгына кайрылуу, каражатты максатуу пайдалануу айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери А.Кыдыргычовага милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом www.gamsumo.gov.kg сайтына жайгаштырылсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн. Каттоодон өткөрүү Байзак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Кадырбаев Русланбек Жумагуловичке милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөл жүргүзүү жагы Байзак айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Батыровго милдеттендирилсин.
Төрага | К.К. Качкынбаев |