Загрузка документа…
БАЙЗАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
I чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
2025-жылдын 7-августу № 9/3
Байзак айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын жыйынтыгында үнөмдөлгөн каражатынын бөлүнүшүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Байзак айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын жыйынтыгында үнөмдөлгөн каражатынын бөлүнүшүнүн айрым беренелерине өзгөртү киргизүү жөнүндө Байзак айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Батыровдун жана Байзак айыл өкмөтүнүн социялдык-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Д.Бегалиевдин билдирүүсүн угуп, талкуулап Байзак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 7-августундагы №7 протоколунун негизинде, Байзак айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Байзак айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын жыйынтыгында үнөмдөлгөн каражатынын бөлүнүшүнө төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - 3111беренесиндеги Гараждагы кампаны ремонттоо зым токуучу цех үчүн бөлүнгөн 577,4миң сом кыскартылсын. - 3111беренесиндеги №3 Кампанын ремонту учун бөлүнгөн 1082,0 миң сом кыскартылсын. 2. Байзак айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бюджетинин жыйынтыгында үнөмдөлгөн каражатынан кыскартылган 1659,4 миң сом төмөндөгүлөргө кошумча бөлүнүп берилсин - Таш- 1 (2) каналынын ремонтун аягына чыгарууга 525,7мин сом. - Погрузчик сатып алууга 300,0миң сом. - Баш-Куугандыга мал дарылоочу Расколго 100, мин сом. 3. Үнөмдөлгөн каражаттан кыскартылган 1659,4миң сом акча каражатынан бөлүнбөй калган 733,7мин сом кошумча суралган планга кошулуп бөлүнсүн. |
4. 2025-жылга бекитилген бюджеттин чыгашаларына өзгөртүү киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин Жумгал башкармалыгына кайрылуу, каражатты максатуу пайдалануу айылөкмөтүнүн башкы бухгалтери А.Кыдыргычовага милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом www.gamsumo.gov.kg сайтына жайгаштырылсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн. Каттоодон өткөрүү Байзак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Кадырбаев Русланбек Жумагуловичке милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөл жүргүзүү жагы Байзак айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Батыровго милдеттендирилсин.
Төрага | К.К. Качкынбаев |