Загрузка документа…
БАЙЗАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
I чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
2025-жылдын 7-августу № 9/4
Байзак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнө кошумча план киргизүү жөнүндө
Байзак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө кошумча план киргизүү боюнча Байзак айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Батыровдун жана Байзак айыл өкмөтүнүн социялдык-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Д.Бегалиевдин билдирүүсүн угуп, талкуулап Байзак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 7-августундагы №7 протоколунун негизинде, Байзак айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Байзак айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгүнө жалпы 5400,0 миң сом кошумча план киргизилсин.
- Салык тѳлѳѳчүлѳрдүн Киреше салыгынын планына 1400 000 (бир милион төрт жүз миң) сом,
- роялти (кѳмүр) салыгына 2000 000 (эки милион) сом,
- Жергиликтүү маанидеги инфраструктураны ѳнүктүрүү үчүн тѳлѳмдѳр планына кошумча 2 000 000 (эки миллион) сом,
2. Байзак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы бюджетинин кошумча планда белгиленген 5400000 сом.
- Бюджеттен кыскартылган 145000сом.
- Превышениеден кыскартылган 733700 сом, жалпы 6278,7миң сом жумшалуучу багыттары 6 айдын жыйынтыгы менен төмөндөгүдөй тартипте бөлүштүрүлсүн
· 400000 сом Сметалар түүздүрүүгө, башка кызмат көрсөтүүлөргө
· 239300 сом Кармоцех-Кара-Ой каналынын ПСДсы үчүн.
· 300000сом Каналдар жана БСР лердин документтерине.
· 150000 сом К. Акиев көчөсүн түздөөгө.
· 300000сом Мекеме ишканаларга камераларды орнотуу үчүн.
· 155400сом Жаңы-Арык каналынын ПСДсы үчүн.
· 250000сом Т Бокчубаев көчөсүнө тротуардын ПСДсы үчүн.
· 250000сом Стелла Байзак айыл аймагы 2 кирүү, 2 бүтүшү.
· 1000000сом ЖКХнын техникаларынын ремонт иштерине жана аларды баланска кабыл алуу үчүн супсидия түрүндө муниципалдык ишканага которулуп берилсин
· 1200000сом Көпүрөлөргө. Рысалиев көчөсүнө 500,0,мин сом Кубаталынын үйүнүн жанына 700,0 мин сом.
· 500000сом Айбашов, Жоошев, Телтаев Мырзакматов көчөлөрүнө Электр чубалгыларын алууга.
· 1000000сом Резервуар, хлоратордун цистернасы жана бактерициддин ПСДсына.
· 100000сом Балдар оюн аянтчасынын тосмолоруна жана ондоп түзөөгө.
· 70000сом Кичи Футбол аянты торун бекемдөөгө.
· 184000сом Скважинага кошумча.
· 180000сом Жайлоодон малдардын келүүчү жолундагы тоо бетин зым тор менен тосууга
3. Бул каражатты каралган багыттарга жараша киреше жана чыгаша бөлүгүнүн сметасын түзүп Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин Жумгал башкармалыгына тапшыруу жана каражатты максатуу пайдалануу Байзак айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери А.Кыдыргычовага милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом www.gamsumo.gov.kg сайтына жайгаштырылсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн. Каттоодон өткөрүү Байзак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Кадырбаев Русланбек Жумагуловичке милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Байзак айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Батыровго милдеттендирилсин
Төрага | К.К. Качкынбаев |