Загрузка документа…
БАЙЗАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
I чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
2025-жылдын 7-августу № 9/5
Байзак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинин атайын каражат бөлүгүнө кошумча план киргизүү жөнүндө
Байзак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттин атайын каражат бөлүгүнө кошумча план киргизүү боюнча Байзак айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Батыровдун жана Байзак айыл өкмөтүнүн социялдык-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Д.Бегалиевдин билдирүүсүн угуп, талкуулап Байзак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 7-августундагы №7 протоколунун негизинде, Байзак айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Байзак айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы бюджетинин атайын каражат бөлүгүнө жалпы 3150,0 миң сом кошумча план киргизилсин.
2.Байзак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы бюджетинин атайын каражат бөлүгүндөгү кошумча планда белгиленген 3150,0 сом Жумшалуучу багыттары 6 айдын жыйынтыгы менен төмөндөгүдөй бөлүштүрүлсүн.
150000 сом Жашыл мурас конкурсун өткөрүүгө.
– 500000 сом Байзак айыл аймагында суу сүргөн мураптарга мотоцикль алууга.
– 1420000 сом Таза суу чыгаруучу жайга СКВАЖИНА.
– 700000 сом Раскол курууга, мечиттин жаны (Бозбешик).
– 180000 квадратцикл Балбак уулуна.
– 200000 сом Айыл чарбасын каттоону жүргүзүүгө
3.Бул каражатты каралган багыттарга жараша киреше жана чыгаша бөлүгүнүн сметасын түзүп Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин Жумгал башкармалыгына тапшыруу жана каражатты максатуу пайдалануу Байзак айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери А.Кыдыргычовага милдеттендирилсин.
4.Ушул токтом www.gamsumo.gov.kg сайтына жайгаштырылсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн. Каттоодон өткөрүү Байзак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Кадырбаев Русланбек Жумагуловичке милдеттендирилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Байзак айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Батыровго милдеттендирилсин
Төрага | К.К. Качкынбаев |