Загрузка документа…
БАЙЗАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
I чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
2025-жылдын 7-августу № 9/8
“Кыргызпочтасы” ААКнун Жумгал райондук филиалына жергиликтүү калк үчүн социалдык багыттагы модернизацияланган көп тармактуу почта бөлүмүн куруу үчүн жер тилкесин берүүгө макулдук берүү жөнүндө
“Кыргызпочтасы” ААКнун Жумгал райондук филиалынын жергиликтүү калк үчүн социалдык багыттагы модернизацияланган көп тармактуу почта бөлүмүн жасоо үчүн жер тилкесин ылайыктап, макулдук берүүнү өтүнүп жазган 16.06.2025-жылдагы №2-28 сандуу кайрылуу катын карап талкуулап, Байзак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 7-августундагы №7 протоколунун негизинде, Байзак айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргызпочтасы” ААКнун Жумгал райондук филиалына, жергиликтүү калк үчүн социалдык багыттагы модернизацияланган көп тармактуу почта бөлүмүн куруу үчүн, кайрылуу катта көрсөтүлгөн, Түндүк-Түштүк альтернативдик жолдун боюнан Байзак айыл өкмөтүнө тиешелүү жер тилкесинен берүүгө макулдук берилсин.
1. Ушул токтомду аткаруу жана аткарылышын көзөмөлдөө жагы Байзак айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Батыровго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом www.gamsumo.gov.kg сайтына жайгаштырылсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн. Каттоодон өткөрүү Байзак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Кадырбаев Русланбек Жумагуловичке милдеттендирилсин |
Төрага | К.К. Качкынбаев |