Загрузка документа…
БАЙЗАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
I чакырылышынын кезектеги X сессиясы
2025-жылдын 27-августу № 10/1
Базак айыл аймагындагы жаңы курулган бала-бакчага Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери, эл агартуунун отличниги Мамаке Казыбековдун атын берүү жөнүндө
Байзак айыл аймагынын айыл өкмөтүнун сунушун жана Касыбекова Аписа Мамакееванын арызын карап талкуулап, Байзак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 27-августундагы №8 протоколунун негизинде, Байзак айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Байзак айыл аймагында жаңы курулган бала-бакчага Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери, эл агартуунун отличниги Мамаке Казыбековдун атын берүүгө макулдук берилсин. 2. Байзак айыл аймагында жаңы салынган бала-бакчанын имаратына, Байзак айыл аймагындагы буга чейин иштеп келген Базак-Ийгилик атындагы бала-бакча которулуп жаткандыгына байланыштуу, мындан ары Байзак-Ийгилик бала-бакчанын аты Казыбеков Мамаке атындагы бала-бакча деп которулсун. 3. Ушул токтомду аткаруу жана аткарылышын көзөмөлдөө жагы Байзак айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Батыровго милдеттендирилсин. 4. Ушул токтом www.gamsumo.gov.kg сайтына жайгаштырылсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн. Каттоодон өткөрүү Байзак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Кадырбаев Русланбек Жумагуловичке милдеттендирилсин. |
Төрага | К.К. Качкынбаев |