Загрузка документа…
БАЙЗАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
I чакырылышынын кезектеги X сессиясы
2025-жылдын 27-августу № 10/2
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын башкы пландарын иштеп чыгуу боюнча программасын бекитүү жонүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-августундагы №490 токтомунун негизинде Нарын облусунун Жумгал районунун Байзак айыл аймагынын Базак айылынын башкы планын макулдашуу жана бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 1-пунктунун негизинде Байзак айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Батыровдун берген маалыматтарын угуп жана талкуулап, Байзак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 27-августундагы №8 протоколунун негизинде, Байзак айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Байзак айыл аймагынын Байзак айылынын башкы планы өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен бекитилсин 2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Байзак айыл аймагынын айылдык кеңшинин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жана Байзак айыл өкөтүнүн жер маселелери боюнча жетектөөчү адиси Р.Асановага жүктөлсүн. 3. Ушул токтом www.gamsumo.gov.kg сайтына жайгаштырылсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн. Каттоодон өткөрүү Байзак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Кадырбаев Русланбек Жумагуловичке милдеттендирилсин |
Төрага | К.К. Качкынбаев |