Загрузка документа…
БАЙЗАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
I чакырылышынын кезектеги X сессиясы
2025-жылдын 27-августу № 10/4
“Байзак айылынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Сыдыгалиев Нурбек Өмүрбековичке жана Сапаров Адыл Солтоевичке “Байзак айылынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгарууга макулдук берүү боюнчаБайзак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Батыровдун сунушун карап талкуулап, Байзак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 27-августундагы №8 протоколунун негизинде, Байзак айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Байзак айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, жаш өспүрүмдөргө татыктуу билим тарбия берүүдө жана руханий жактан өнүгүшүнө зор салым кошкон төмөнкү жарандарга “Байзак айылынын Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын: · Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңешинин төрагасынын орун басары Сыдыгалиев Нурбек Өмүрбековичке · Мамлекеттик кызматкер, Байзак айылынын тургуну Сапаров Адыл Солтоевичке
2. Ушул токтомду аткаруу жана аткарылышын көзөмөлдөө жагы Байзак айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Батыровго милдеттендирилсин. 3. Ушул токтом www.gamsumo.gov.kg сайтына жайгаштырылсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн. Каттоодон өткөрүү Байзак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Кадырбаев Русланбек Жумагуловичке милдеттендирилсин.
|
Төрага | К.К. Качкынбаев |