Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
2025-жылдын 16-сентябры № 3
Нарын шаардык прокуратурасына жер тилкесин
өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алып, Нарын шаардык мэриясынын сунуш катынын негизинде Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “ Муниципалдык, менчик жер, курулуш, архитектура, отун энергетикасы, транспорт жана экология боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун чечимине ылайык Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы токтом кылат:
1.Нарын шаарынын М.Жакыпов көчөсүндөгүНарын шаардык прокуратурасынын жаңы салынып жатан имаратынын идентификациялык коду №4-05-02-0002-1532 жер аянтынын күн батыш тарабындагы 200 чарчы метр жер тилкесин Нарын шаардык прокуратурасына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.
Төрага |
| Ж. Эсеналиев |