Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ПАХТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 18-апрелиндеги № 29-10\1
“Жаңы-Пахта айыл аймагынын территориясындагы № 315, 316 контурда жайгашкан жалпы аянты 81,5 га жерди “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан, “Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргоо жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга уруксат берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Президентинин 14-январь 2025-жылдын № 18-21603 сандуу тапшырмасынын жана Кыргыз Республикасынын айыл чарба Министирлигинин 2024-жылдын 17-октябрындагы № 18-07 протоколунун негизинде Жаңы-Пахта айыл аймагынын территориясындагы № 315,316 контурда жайгашкан жалпы аянты 81,5 га жерди “ Айыл чарба багытындагы” жердин категориясынан, “Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргоо жана башка” категориясына которуу жөнүндө Жаңы-Пахта айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Пахта айыл аймагынын территориясындагы № 315,316 контурда жайгашкан жалпы аянты 81,5 га жерди “Айыл чарба багытындагы” жердин категориясынынан, “Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргоо жана башка” категориясына которууга уруксат берилсин
2. Жаңы-Пахта айыл өкмөтү жер тилкесин которуу ишин Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын кароосуна жөнөтсүн
Жаңы-Пахта айылдык кеңешинин төрагасы |
| Бердигулов А.М |