Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ПАХТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 18-апрелиндеги № 29-10\2
Ижарага берилүүчү айыл чарба багытындагы жерлер жөнүндө
Жер комиссиясынын Жаңы-Пахта айыл өкмөтүнө караштуу жалпы ижарага берилүүчү айыл чарба багытындагы жерлерди категорияга бөлүп ижарага берүү боюнча жер комиссиясынын сунушун карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2025-жылдын 25-февралындагы № 04-13\59 сандуу буйругун эске жана Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы №309 Токтом менен Сокулук райондук агрардык башкармачылыгына өткөрүлүп берилген айыл чарба жерлеринин ижарага акысына тийешелүү болуп эсептелинет.
КР жер кодексин, КР “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу типтүү жобонун” негизинде Жаңы-Пахта айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жер комиссиясынын сунушу боюнча айыл өкмөтүнө караштуу жана мамлекеттик фондунун айыл чарба багытындагы жерлерин ижарага берүүдө жерлердин иш жүзүндө сугат жерлер, сугаруукыйынчылык жараткан жерлер жана кайрак жерлердин шартына жараша төмөндөгү бааланган суммалардын ижара акысы аныкталсын:
а) 407*20=8140,0 сом- сугаруу кыйынчылык жараткан жерлер, төмөндөгү контурларга тийешелүү: Контур №282,303,242,264,266,275,65,283,255,244,220,67,300,318, 46,266,275,98,315.
b) 407*10=4070,0 сом- шарттуу сугат жерлер же кыйынчылык менен сугарулучу жерлер. Төмөндөгү контурларга тийешелүү: Контур№219,284,246,232,229,236,174,69,274,271,101,45,41,97,275,174,150,154, 152,144,146,247,239,165,167,142,143,129,128,44,40,38,27,18,35,34,33,32,39,16, 15,285,270,134,132,130,135,131,137,140,298,251,292,97,98,294,170,19,14,190, 99,143,393,8,70,104.
c) 67,2*30=2016,0 сом- кайрак жерлер (салык пайызынын коэфициенттерин эске алып).
2. Токтомдун аткарылышы Жаңы-Пахта айыл өкмөтүнүн башчысы Абдыкеримов М.К. жүктөлсүн.
Жаңы-Пахта айылдык кеңешинин төрагасы |
| Бердигулов А.М |