Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 27-августу №01-5/39
Сүлүктү шаардык кеӊешинин Регламентине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Сүлүктү шаардык кеӊешинин “Мекендеш” саясий фракциясынын лидери Д.Б. Токтобаевдин Сүлүктү шаардык кеӊешинин Регламентине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөкаты боюнча шаардык кеӊештин “Мыйзамдуулук депутаттык этика, регламент, жергиликтүү сыйлыктар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш” боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары” жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сүлүктү шаардык кеӊешинин 27.01.2025ж.III сессиясынын №01-5/7 токтому менен бекитилген Сүлүктү шаардык кеӊешинин Регламентине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин
1. 12- бөлүмү “Депутаттык фракциялар жана коалициялар” деп толукталсын;
2. 12-бөлүмгө төмөнкү пункттар кошумча киргизилсин
- 12.9. Фракциялар коалицияларга бириге алышат;
- 12.10. Коалициялар шаардык кенештин аппаратына тиешелүү протоколун тапшырган күндөн ишмердүүлүгүн баштай алышат;
- 12.11. Коалициялар шаардык кенеште каралуучу маселелер боюнча алдын ала отурум өткөрүүгө, кезексиз сессия чакыруу демилгеси менен чыгууга коалиция лидери аркылуу позициясын билдирүүгө укуктуу.
2. Шаардык кеӊештин Регламентин кабыл алынган өзгөртүүлөргө ылайык келтирүү жагы шаардык кеӊештин аппаратына жүктөлсүн
4. Токтомдун аткарылуусун көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин кеӊештин “Мыйзамдуулук депутаттык этика, регламент, жергиликтүү сыйлыктар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага: | Б.А. Абдунзаров |