Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 27-августу №01-5/41
“Сүлүктү шаарынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Сүлүктү шаардык кеӊештин кеӊештин “Мыйзамдуулук депутаттык этика, регламент, жергиликтүү сыйлыктар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш” боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп жана талкуулап Сүлүктү шаарынын жамаатынын жергиликтүү жана мамлекеттик сыйлыктарына сунуштоо боюнча Жобосуна ылайык шаардык кеӊеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Шаардын өсүп өнүгүүсүнө кошкон салымыдары жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана укук коргоо органдарындагы, көмүр өндүрүү, билдим берүү, маданият жана саламаттыкты сактоо тармагындагы үзүрлүү эмгеги жана шаардын инфраструктурасын жакшыртууга кошкон салымдары үчүн төмөнкүлөргө “Сүлүктү шаарынын Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын
1. Абдуназаров Рахманберди Эрматович – Сүлүктү шаарынын экс мэри
2. Халбеков Абдысамат Диканбаевич- Сүлүктү шаарынын экс мэри
3. Бакибеков Шадыбек Салимбекович - Сүлүктү шаарынын экс мэри
4. Ибрагимов Абдузакир Арзыбаевич - Сүлүктү шаарынын экс мэри
5. Токтобаев Довран Балтабаевич- шаардык кеңештин депутаты
6. Мусаев Абдибали Кенжебаевич- “Сүлүктү Тараза” МИнын директору
7. Эшанкулов Аллакул Эшанкулович- ардагер дарыгер
8. Абдираимов Байышбек- ардагер, шаардын активисти
9. Халжигитов Алмакмат Сарыбаевич- ЖДПБнун жандандыруу бөлүмүнүн башчысы
10. Асанов Мурзали Дадабаевич- ардагер кенчи
11. Уметов Ысманали Толукбаевич- шаардык балдар искусство мектебинин директору
12. Өсөр уулу Дастанбек- ардагер кенчи
13. Мажитова Гүлсана Эралиевна- И.Бектемиров атындагы №8 орто мектебинин мугалими
14. Каримова Самара Эрмековна КРнын эмгек синирген артисти
15. Джанбеков Турдубек- ардагер
16. Джуматаев Рустамбек Калмурзаевич- КРнын УКМК чек ара кызматынын кызматкери
17. Ниязов Абдипатта Алимкулович- шаардык музейдин жетекчиси
18. Кучаров Рахматулла –“Ашимбай” ЖЧКнун директору
1. Токтомдун аткарылуусун көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин кеӊештин “Мыйзамдуулук депутаттык этика, регламент, жергиликтүү сыйлыктар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага: | Б.А. Абдунзаров |