Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 27-августу №01-5/42
Жергиликтүү бюджетке пландан сырт түшөн акча каражатынын эсебинен 2025-жыл ичинде аткарылуучу иш-чаралардын 3111 беренесине жалпы дарыгерлер практика борборунун терапия бөлүмүнүн имаратынын чатырын алмаштырууга 2 200 000 (эки миллион эки жүз миӊ) сом акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Сүлүктү шаардык мэриясынын 22.08.2025-ж. №01-7/24885 санындагы Жергиликтүү бюджетке пландан сырт түшөн акча каражатынын эсебинен 2025-жыл ичинде аткарылуучу иш-чаралардын 3111 беренесине жалпы дарыгерлер практика борборунун терапия бөлүмүнүн имаратынын чатырын алмаштырууга 2 200 000 (эки миллион эки жүз миӊ) сом акча каражатын бөлүүгө макулдук берүү жөнүндө каты боюнча шаардык кенештин “Бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча” туруктуу комиссиясынын сунуштарын угуп маселени талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынчабашкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27, 34 беренелерине ылайык Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү бюджетке пландан сырт түшөн акча каражатынын эсебинен 2025-жыл ичинде аткарылуучу иш-чаралардын 3111 беренесине жалпы дарыгерлер практика борборунун терапия бөлүмүнүн имаратынын чатырын алмаштырууга 2 200 000 (эки миллион эки жүз миӊ) сом акча каражатын бөлүүгө макулдук макулдук берилсин
2. Токтомдун аткарылуусун көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин “Бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага: | Б.А. Абдунзаров |