Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 27-августу №01-5/44
Сүлүктү шаарынын жамаатынын жергиликтүү жана мамлекеттик сыйлыктарына сунуштоо боюнча Жобосуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Сүлүктү шаардык кеӊешинин “Мекендеш” саясий фракциясынын лидери Д.Б. Токтобаевдин Сүлүктү шаарынын жамаатынын жергиликтүү жана мамлекеттик сыйлыктарына сунуштоо боюнча Жобосуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөкаты боюнча шаардык кеӊештин “Мыйзамдуулук депутаттык этика, регламент, жергиликтүү сыйлыктар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш” боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары” жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сүлүктү шаардык кешинин 19.05.2023ж. XXV- сессиясынын №115 токтому менен бекитилген “Сүлүктү шаарынын жергиликтүү жамааттарына жергиликтүү сыйлыктарды ыйгаруу жөнүндө Жобосуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин :
- V. “Сүлүктү шаарынын жергиликтүү жамаатынын Сүлүктү шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу бөлүмүнүн” 4 пунктундагы “үчтөн экисинин” деген сөз “көпчүлүк” деген сөз менен алмаштырылсын
-VII. “Сүлүктү шаарынын жамаатынын жергиликтүү сыйлыктар жөнүндө комиссиясы жана анын иштөө тартиби” бөлүмүнүн 14 пункту жокко чыгарылсын
3. Шаардык кеӊештин Регламентин жана “Сүлүктү шаарынын жергиликтүү жамааттарына жергиликтүү сыйлыктарды ыйгаруу жөнүндө Жобосун кабыл алынган өзгөртүүлөргө ылайык келтирүү жагы шаардык кеӊештин аппаратына жүктөлсүн
4. Токтомдун аткарылуусун көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин кеӊештин “Мыйзамдуулук депутаттык этика, регламент, жергиликтүү сыйлыктар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага: | Б.А. Абдунзаров |