Редакцияот 28.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2023-жылдын  28-ноябры  № 74/ХVI-28

 

 Узун-Кыр айыл аймагынын мамлекеттик айыл чарба жерлер фондусунан (МАМФ) жер тилкелерин ижарага берүү боюнча комиссиясын бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-ноябрындагы № 599, 2019-жылдын 15-февралындагы №55 “Кыргыз Республикасынын Өкмотүнүн токтомдоруна толуктоолорду жана өзгортүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 2007-жылдын 29-июнундагы №1997-111 токтому менен бекитилген “Мамлекеттик фонддун жерлеринин айыл чарба жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө типтүү жобосу” боюнча Узун-Кыр айыл аймагынын  башчысы Э.М.Алыбаевты билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Узун-Кыр айылдык кеңеши токтом кылат:

1.Узун-Кыр айыл аймагынын мамлекеттик айыл чарба жерлер фонду (МАМФ) жерлерин ижарага берүү боюнча комиссия төмөнкү курамда бекитилсин.

- Казакбаев Б.З. Узун-Кыр айылдык кеңешинин депутаты

- Лоева З.М. айыл өкмөтүнүн жоопту катчысы – комиссиянын катчысы

Комиссиянын мүчөлөрү:

- Алыбаев Э.М. Узун-Кыр айыл аймагынын башчысы

- Ысык-Ата районундагы УАРдын өкүлү

- Мусина Э.Ш. Узун-Кыр айылдык кеңешинин депутаты – жер иштетүү жана айыл чарба, мал чарбачылыгы боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы

- Кадыркулов Т.А. Узун-Кыр айылдык кеңешинин депутаты

- Токтогулова Н.И. Достук айылынын башчысы

- Табалдиева А.А. Төмөнкү Норус айылынын башчысы

2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Узун-Кыр айылдык кеңешинин айыл чарба, жер иштетүү жана мал чарбачылыгы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

К.Б.Сманов