УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 13-апрели № 58/XII-28
Дружба айылынын Карл-Маркс көчөсүнүн башындагы №119 контурдагы жайгашкан 0,15 га жайыт жер тилкесин “Башка жерлер” категориясына которуу жөнүндө
Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн Дружба айылынын тургундарынын кайрылуусунун жана жер адисин Н.Токтогулованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Узун-Кыр айылдык кенеши токтом кылат:
1. Узун-Кыр айыл аймагынын Дружба айылына таза суу мунарасын куруу үчүн “жайыт жерлер” категориясынан “башка жерлер” категориясына Узун-Кыр айыл аймагынын Дружба айылынын Карл-Маркс көчөсүнүн башындагы №119 контурдагы жайгашкан 0,15 га жайыт жер тилкесин “башка жерлер” категориясына которууга уруксат берилсин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрилигинин нормативдик укуктук актыларынын тизмесине киргизилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Узун-Кыр айылдык кеңешинин агрардык суроолор боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Э.Ш.Мусинага жүктөлсүн.
Төрага |
| К.Б. Сманов |