Редакцияот 13.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2023-жылдын 13-мартындагы № 10

 

“Муниципалдык жерди ижарага берүү жөнүндө”

Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн  аймагына караштуу Ат-Башы участкасында контур №12, №15 аянты 100,0 га муниципалдык жер тилкесин ижарага берүү жөнүндө Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Б. Джылжымышовтун маселесин талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесинин негизинде Кызыл-Туу айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кызыл-Туу айыл аймагынын аймагындагы Ат-Башы участкасындагы контур №12, №15, аянты 100,0 га муниципалдык жер ижарага берилсин.

2. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы жерди ижарага берүү мөөнөтүн берүү маселесин мыйзам чегинде карасын.

3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Б. Джылжымышовко жүктөлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы АЖМФнун туруктуу жер комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Айылдык кеңештин төрагасы

М.Б. Суюналиев