Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 4-сентябры №14/54
Кызыл-Кыя шаарынын аймагында калктын тынчтыгын жана бейпилдигин камсыз кылуу жөнүндө
Кызыл-Кыя шаардык мэриясынын 2025-жылдын 01-сентябырындагы №01-14/3198 катынын негизинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” №54 жарлыгынын, Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декабрындагы “Тынчтык жөнүндө” №194 Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун 2025-жылдын 14-августундагы №27-19633 тапшырмасынын талаптарын аткаруу максатында Кызыл-Кыя шаардык кенещи
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Төрага: | Ж.Аматов |
Кызыл-Кыя шаардык кенешинин
(8-чакырылышы) 2025-жылдын
04-сентябрындагы кезексиз
14-сессиясынын № 14/54 токтомуна тиркеме 1
ЖОБО
Кызыл-Кыя шаарынын аймагында калктын тынчтыгын жана бейпилдигин камсыз кылуу жөнүндө
1.Жалпы бөлүк
1.1.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” №54 жарлыгынын, Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декабрындагы “Тынчтык жөнүндө” №194 Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун 2025-жылдын 14-августундагы №27-19633 тапшырмасынын талаптарын аткаруу максатында иштелип чыккан.
1.2. Бул жобонун максаты: Кызыл-Кыя шаарынын жарандарынын тынчтыгын жана бейпилдигин бузуудан коргоо.
2. Шаар аймагында калктын эс алуусун камсыз кылуу максатында тынчтыкты бузуудан корголууга тийиш болгон жайларга жана аймактар
2.1. Шаар аймагында калктын эс алуусун камсыз кылуу максатында тынчтыкты бузуудан корголууга тийиш болгон жайларга жана аймактарга төмөнкүлөр кирет:
- Көп батирлүү үйлөр, мейманканалар, конок үйлөр, жатаканалар жана турак үйлөргө тийиштүү аймактар ;
- Жеке турак үйлөрдү куруу зоналары;
- Билим берүү жана саламаттыкты сактоо уюмдарынын, ошондой эле социалдык, реабилитациялык, санаториялык-курорттук кызматтарды көрсөтүүчү уюмдардын аймактары жана жайлары;
- Жарандарды убактылуу жайгаштыруу жана (же) убактылуу туруусун камсыз кылуу боюнча кызматтарды көрсөтүүчү уюмдардын аймактары жана жайлары.
3. Калктын тынчтыгын жана бейпилдигин камсыз кылуу
3.1. Төмөнкү убакыт аралыгында үн басымынын жана ызы-чуунун белгиленген деңгээлдеринен ашууга жол берилбейт:
- Жумуш күндөрү – саат 22:00дөн 07:00гө чейин;
- Дем алыш жана майрам күндөрү – саат 22:00дөн 09:00гө чейин.