Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин Х чакырылышынын
кезектеги ХI сессиясынын
2025-жылынын 11-августу №5
«Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин балансындагы жер тилкелерди муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамынын 6-беренесине ылайык, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 25.07.2025-жылдагы чыг.№01-18/4603 сандуу каты Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин жерди пайдалануу, архитектура, турак-жай, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын 30.07.2025-жылдагы отурумунда каралып, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигине таандык Жалал-Абад шаарынын Т.Байзаков проспектисинин №51и дарегинде жайгашкан (индентификациялык номери 3-10-04-0003-1646) жалпы аянты 2200,00 чарчы метр жана Ю.Абдурахманов көчөсүнүн №8а дарегинде жайгашкан (индентификациялык номери 3-10-01-0017-1509) жалпы аянты 848,20 чарчы метр жер тилкелерин Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Жалал-Абад шаарынын мэрине (Э.Ормоков), Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгынын башчысына (Ж.Бөрүкулов) жер тилкелерди өткөрүп алууда Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын сактоо менен иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин жерди пайдалануу, архитектура, турак-жай, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
Турдубеков О.Т. |