Редакцияот 22.01.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2021-жылдын 22-январы № 139//XXIII-27

 

Джер-Казар айылындагы №226 контурда жайгашкан жер тилке боюнча генералдык планга киргизилген түзөтүүнү бекитүү жөнүндө

 

Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн жер суроолору, муниципалдык менчик, Өзгөчө кырдаалдар жана айыл чарбасы боюнча башкы адиси Т.Усупбаеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Узун-Кыр айылдык кенеши токтом кылат:

 

1.Джер-Казар айылындагы №226 контурда жайгашкан ченеми 2,04 га болгон жер тилкеси боюнча айылдын генералдык планына киргизилген түзөтүү бекитилсин.

2.Узун-кыр айыл өкмөтүнүн башчысы – С.А.Чокошовго: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы “Кадастар” мамлекеттик мекемесинин Ысык-Ата филиалы тарабынан бекитилген мыйзам чегинде каттоо жүргүсүлсүн.

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Узун-Кыр айылдык кеңешинин агрардык суроолор боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы – К.А.Душекеевге жүктөлсүн.

Төрага

 

Ж.А.Малабаев