Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 23-сентябры № 601
2025–2030-жылдары Кыргыз Республикасынын аймагында өзгөчө кырдаалдардын келип чыгуу тобокелдиктерин азайтуу боюнча иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 27-февралындагы № 68 “2025–2030-жылдары Кыргыз Республикасынын аймагында өзгөчө кырдаалдардын келип чыгуу тобокелдиктерин азайтуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) 2025–2030-жылдары Кыргыз Республикасынын аймагында өзгөчө кырдаалдардын келип чыгуу тобокелдиктерин азайтуу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары – Иш-чаралар планы) 1-тиркемеге ылайык;
2) Иш-чаралар планынын индикаторлор матрицасы 2-тиркемеге ылайык;
3) Иш-чаралар планында каралган иш-чаралардын ресурстук наркын баалоо 3-тиркемеге ылайык.
2. Иш-чаралар планын ишке ашырууга тартылган мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
1) Иш-чаралар планын белгиленген мөөнөттө аткаруу боюнча чараларды көрсүн;
2) квартал сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 5инен кечиктирбестен Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине берип турсун.
3. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги квартал сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 25ине чейин Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берип турсун.
4. Бул токтомду ишке ашыруу мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджетинде тиешелүү жылга каралган каражаттардын жана штаттык санынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын чегинде жүргүзүлөт деп белгиленсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
2-тиркеме
2025–2030-жылдары Кыргыз Республикасынын аймагында өзгөчө кырдаалдардын келип чыгуу тобокелдиктерин азайтуу боюнча иш-чаралар планынын индикаторлор матрицасы