Редакцияот 05.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 32-сессиясынын кезектеги отуруму

 

2023-жылдын 5-октябрындагы № 2

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы бюджетинин 9 ай ичинде аткарылышын кароо жөнүндө

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Эрмаматов Ислам Жолдошбаевичтин жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Сейданов Осмон Ырыскуловичтин Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы бюджетинин 9 ай ичинде аткарылышы тууралуу Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 32-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. Чон-Алай айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы бюджетинин 9 ай ичиндеги киреше бөлүгү 60 604 335 сомго аткарылып, ал эми чыгаша бөлүгү 59 434 891 сомду түзүп

- аппаратка  16 941 618  сом

- мектептерге 7 981 300 сом

- бала бакчаларга 9 823 755 сом

- бала бакчалардын атайын каражатарына 1 676 104 сом

- китепканаларга  1 223 705   сом

- маданий иш чараларга 1 256 500  сом

- клубтарга  1 585 511  сом

- өзгөчө кырдаалдарга 770 000 сом

- ЖКХ  14 290 803 сом

- социалдык жардамдарга 309 500 сом

- компенсацияга  1 434 600 сом

- соц пакетке 157 410 сом

- айылдык кеңешке 699 045  сом

- статистке 446 040 сом

- жайытка 839 000 сом жумшалгандыгы канааттандыраарлык деп табылсын.

 

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Чоң-Алай айылдык

кеңешинин төрагасы:

С.Мойдунов