Редакцияот 05.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 32-сессиясынын кезектеги отуруму

 

2023-жылдын 5-октябрындагы № 3

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эрмаматовдун 2023-жылдын 6-октябрындагы № 2217 чыгыш сандуу сунуш катын кароо жөнүндө

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эрмаматовдун Сары-Таш участкасындагы 0,10 га жер аянтын “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын депутаттары жергиликтүү кеңештин 32-сессиясынын кезектеги отурумун угуп талкуулап

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Сары-Таш участкасындагы № 1307, 1312 контурунда жайгашкан чопо, таш болуп бекитилген тактап айтканда ыңгайсыз болгон 0,10 га жер аянтын “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.

 

2. Тиешелүү иш кагаздарын Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарана ылайык бүтүрүү жагы Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эрмаматовго жана айыл өкмөттүн жер маселелери боюнча башкы адис З.Исаковго милдеттендирилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Чоң-Алай айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

С.Мойдунов