Редакцияот 05.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 32-сессиясынын кезектеги отуруму

 

2023-жылдын 5-октябрындагы № 6

Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Чак айылындагы Чак айылынын жаштар өнүктүрүү фондунун эсебинен курулган балдар бакчасына “Баластан” ысымын ыйгаруу жөнүндө

Чак айылына жаңыдан курулган балдар бакчасына “Баластан” балдар бакчасы болуп аталышы боюнча Чак айылынын элдик жыйынынын протоколуна ылайык Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын депутаттары жергиликтүү кеңештин 32-сессиясынын кезектеги отурумун угуп талкуулап

 

ТОКТОМ   КЫЛАТ

 

1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Чак айылына жаңыдан курулган балдар бакчасы Чак айылынын жергиликтүү тургундарынын сунуштарына ылайык “Баластан” балдар бакчасы болуп аталсын.

2. Тиешелүү иш кагаздарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарана ылайык бүтүрүү жана балдар бакчасынын иштешин камсыз кылуу жагы Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эрмаматовго жана ФЭБ башчысы О.Сейдановго милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык маселелер жана билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Чоң-Алай айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

С.Мойдунов