ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 32-сессиясынын кезектеги отуруму
2023-жылдын 5-октябрындагы № 7
Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 2021-жылдын 15-майындагы 1-сессиясынын кезектеги отурумунун № 3 токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаты АЖусуповдун сунушу боюнча Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын депутаттары жергиликтүү кеңештин 32-сессиясынын кезектеги отурумун угуп талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 2021-жылдын 15-майындагы 1-сессиясынын кезектеги отурумунун № 3 токтомунда бекитилген айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча курамы төмөнкүдөй болуп толукталып түзүлсүн.
- Комитеттин төрагасы: Кудратиллаев Абдразак Исматиллаевич
- Комитеттин мүчөлөрү: Жусупов Акылбек Маматякутович
- Жалалидин уулу Кожош
- Рахманали уулу Абдугапар
- Мадалиев Галдарбек Абдиганыевич
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин укук тартиби, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: |
С.Мойдунов |